Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Өзбекстан: Өнөрдү да соттосо болот


Умидованын "соттолгон" сүрөттөр жыйымынан

Умидованын "соттолгон" сүрөттөр жыйымынан

Өзбекстанда фото-сүрөтчү режиссер Умида Ахмедова өз чыгармачылыгы үчүн суракка алынып жатканын кабарлаган элек. Мына эми Ташкенде анын үстүнөн сот иши башталып, ал «өлкөнү жаманатты кылды» деген айып менен кесилип кете турган болууда.

Сүрөтчү дүйнөнү өзү каалагандай чагылдырууга укуктуубу же буга мамлекет багыт бериши керекпи? Бул суроо коммунисттик тоталитаризм менен кошо эбак артта калгандай көрүнгөн. Ал эми кыз күйөөгө чыкканда шейшебин текшерүү Кыргызстанда мындан 10-20 жыл мурда ачык жана кызуу талкууланып, коомчулук белгилүү консенсуска жетишкен. Бирок айткандын оозу жаман демекчи, Өзбекстандагы соңку окуялар көрсөткөндөй, мындай маселени козгогон адамдын өзү соттолуп кетиши мүмкүн экен.

Умиада Ахмедова өзбек элинин намысына тийип, өлкөнү жаманатты кылган деп табылса, 54 жаштагы сүрөткер эки жылга чейин жумуш лагерине же жарым жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Сүрөткер «Аялдар жана Эркектер: Таңдан түнгө чейин» деген сүрөттөр жыйымы жана үйлөнүү салтына арналган «Кыз абийринин азабы» деген даректүү тасмасы үчүн айыпка жыгылууда. Сүрөттөр жыйымында карапайым адамдардын күнүмдүк турмушу көрсөтүлөт, ал эми даректүү тасмада кыз алып, кыз берүүдөгү ырым-жырымдар, анын ичинде жаңы келген келиндин шейшебин текшерүү адаты жана анын кесепети тууралуу сөз болот.

Ахмедова өзүнө койгон кинелерди негизсиз деп четке кагууда, ал Азаттыктын өзбек кызматына кимдир бирөөнү жаманатты кылайын деген ою деле болбогонун мындайча билдирди:

– Кимдир бирөө менин сүрөттөрүмдү менин өлкөмдү же менин элимди жаманатты кылган чыгарма деп чыгат деп түшүмө да кирген эмес. Көп жагынан азыр мага кыйын болуп турат.

Ахмедова биринчи ирет 16-декабрда камакка алынган эле. Өткөн айда бийликтер Ахмедованын адвокатына анын сүрөттөрүн жана чыгармасын текшерген билермандар комиссиясынын бүтүмүн жиберди.

Комиссия Ахмедованы өзбек элинин турмушун жана салттарын тескери өңүттөн чагылдырып, Өзбекстанды орто кылымдардын деңгээлинен чыга албаган караңгы өлкө катары сүрөттөйт деп тапты:

«Сүрөттөрдүн 90 пайызы алыскы, артта калган айыл-кыштактарда тартылган. Эмне үчүн Ахмедова кооз жерлерди, жаңы салынган үйлөрдү, жакшы жашаган адамдарды сүрөткө тартпайт?» «Автор үйлөнүү жана баланы отургузуу салттарына басым жасап, экөөндө тең ыйлап аткан эле адамдарды көрсөтөт. Автор өзбектерди артта калган караңгы адамдар деп айткысы келгени көрүнүп эле турат».

Комиссиядагы билермандар Ахмедова өзбектерди аргасы түгөнгөн жарды-жалчылар катары көрсөткөн деген пикирге келишкен:

«Ахмедованын сүрөттөрүндө аялдардын иштеп атаканын, көбүнчө үйдөгү көр-тирлик менен жүргөнүн көрөбүз. Буга караганда, Өзбекстанда үй тазалагандан башка кесип жоктой сезим пайда болот».

Ахмедованын сүрөт топтому да, анын тасмасы да Швецариянын Ташкендеги элчилиги тарабынан каржыланган эле. «Кыз абийринин азабы» деген тасманы Ахмедова режисер күйөөсү Олег Карпов экөө былтыр 8-март Эл аралык аялдар күнүнүн алдында элге алып чыккан. Эки бөлүмдөн турган тасмада эл арасында кыз абийирине зор маани берилээри сүрөттөлөт. Анда шейшеп булганбай калганы үчүн үйлөнүү тоюнун эртеси эле көп жаш бүлөлөрдүн очогу бузулаары көрсөтүлөт.

Умида Ахмедова менен бирге швейцариялык гендерлик программага катышкан дагы 10 чакты сүрөткер соттолууда.

«Кыз абийиринин азабы» жергиликтүү көрөрмандар ар кандай кабыл алган. Ахмедованын сүрөттөрү Тбилисиде, Копенгагенде жана башка жактарда көрсөтүлгөн, ал бир нече сыйлыктарга, анын ичинде 2004-жылы Орусияда Интер-Пресс-фото атаандаштыгында башкы сыйлыкка татыган. Ал көптөгөн атактуу режиссерлер билим алган Москвадагы Кинематография институтун бүтүргөн Өзбекстандагы саналуу аял-режиссерлордун бири.

Ахмедованын соттолушу дүйнөлүк коомчулукта катуу нааразылыкты жаратты. Көркөм өнөр сынчыларынын эл аралык биримдиги өзбек бийликтерин сүрөткерди жайына коюну талап кылды. Парижде жайгашкан бул уюмдун катына дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинен Кыргызстандан миңге чукул сүрөтчү, көркөм өнөр сынчылары, журналисттер, укук коргоочулар кол койду.
XS
SM
MD
LG