Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Далай Лама Кытай жетекчилигин тибеттиктерди куугунтуктап жатат деп айыптады. Тибеттин руханий лидери Кытайдын башкаруусуна каршы болгон көтөрүлүштүн 50 жылдыгына арналган сөзүндө жүз миңдеген тибеттиктин өлтүрүлгөнүн, миңдеген ибадатканалардын кыйратылганын белгиледи. Бээжин бул күнү Тибетке жана чектеш аймактарга аскерлерди жайгаштырды. Дүйнөнүн булуң-бурчунда болсо Тибетти колдоо акциялары өттү.

Далай Лама “легитимдүү жана мааниси бар” автономия түзүүнү жактайт. Бирок анын 1959-жылкы көтөрүлүштүн мааракесине арналган сөзүндө компромисстин белгиси байкалган жок. Тибеттин руханий жетекчиси куугунтуктоо, басмырлоо, анын ичинде Мао Цзедундун тушундагы маданий революция тибеттиктерди “тозокко батырды” деп билдирди.

Бирок жүз миңдеген адамдын өлүмүнө, ибадатканалардын талкаланышына, Тибет маданиятынын дээрлик жок болушуна алып келген саясатка карабай, Тибеттин руху эч качан сынбайт деди:

- Коммунисттер ар кандай ыкмаларды - үгүт, туура эмес маалымат таратуу, акча берүү же ырайымсыз камакка алуу, кыйноолорду колдонуп келишет. Бирок Тибеттин руху эч качан жок кылынбайт.


Ошол эле маалда Далай Лама Бээжин менен иштешүү каалоосун кыйытты. Мындан 50 жыл илгери тибеттиктер Кытайдын бийлигине каршы көтөрүлүп, бирок ал күч менен басылган. Далай Лама Индиянын Дармасала шаарына качып, ал жерде кийин Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү түзүлгөн. Мааракеге арналган жыйын дал ошол шаарда өттү.

Антикытайлык көтөрүлүштүн мааракесине карата Тибеттин жактоочулары дүйнөнүн булуң-бурчунда акцияларды өткөрүштү. Тибетти колдоо эларалык кампаниясынын координатору Лхама Суалуто Брюсселде өткөн демонстрация учурунда буларды айтты:

- Ушу тапта 628 саясий туткун бар, 1 миң200дөй адамдын дайын жок. Биз Евробиримдикти Тибетке иликтөө миссиясын жиберүүгө үндөйбүз.

Европа биримдигинин учурдагы төрагасы Чехиянын борбору Прага шаарында айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин имаратына Тибеттин желеги илинди. Желек Прагада шаркет менен Кытай ортосунда саммит өткөнү жатканына карабай шейшембиде бүтүндөй күн илинип турду.

Тибеттин байрагын Жашылдар партиясынын парламенттин төмөнкү палатасынын терезелеринде да көрсө болот. Төрага аны алып салууга үндөдү. Дипломаттар Кытай былтыр Лиондогу саммиттен баш тартканын эске салып, андай чараларга барбоого чакырышкан. Еврошаркеттин ошол кездеги төрагасы Франциянын президенти Николя Саркози Далай Лама менен жолугушууну пландагандыгы үчүн Кытай делегациясы мурда болжолдонгон жыйынга барбай койгон.

Кытай бийлиги мааракени утурлай Тибеттин өзүнө жана айланасындагы 3 аймакка аскерлерди жайгаштырды. Былтыр Тибеттин борбору Лхасада козголоңдун жылдыгын тынч белгилеп жаткан кечилдерге каршы аскерлер күч колдонушкан. Тирешүү бир нече күнгө созулуп, кан төгүү менен коштолгон.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги Далай Ламанын сөздөрүн калп деп сыпаттады. Министрликтин басма сөз өкүлү ошондой эле АКШнын Өкүлдөр палатасын Кытайдын Тибеттеги репрессияларына камтама билдирген долбоорду артка кайтарууга үндөдү. Анын ырастоосунда, резолюцияда айтылгандар чындыкка дал келбейт.

Алдыда Кытай жетекчилигин бейпайга сала турган дагы бир нече окуя жакындап келатканын эскерте кетели. Алсак, июнда Тянанмен аянтындагы студенттер баштаган демократиячыл демонстрациялардын күч менен басылышына 20 жыл болот. 10 жыл илгери, апрелде “Фалун Гонг” диний сектасынын нааразылык акциялары орун алып, кийин уюмга тыюу салынган, анын миңдеген мүчөлөрү камакка алынган.

Жана “Нью-Йорк таймстын” жазганына ылайык, майда студенттердин империалдык башкарууга каршы нааразылык чыгууларынын 90 жылдыгы белгиленет. 1-октябрь болсо Кытай Эл республикасынын түптөлүш күнү. Жана бийликтер 60 жылдык мааракеге арналган иш-чараларга көлөккө түшүрүү аракеттеринен чочулашы ыктымал.


  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG