Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Кытай: тибет калкы байырлаган аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Непалдагы тибеттик бозгун кечилдер Бээжиндин саясатына каршы нааразылык жыйын өткөрүүдө. Катманду ш. 2008-жылдын 14-апрели.

Непалдагы тибеттик бозгун кечилдер Бээжиндин саясатына каршы нааразылык жыйын өткөрүүдө. Катманду ш. 2008-жылдын 14-апрели.

Кытай бийликтери мындан 50 жыл илгерки Тибеттеги улуттук боштондук көтөрүлүш аракетинин мааракесинин ирегесинде Тибеттеги жана ага жакын автономиялык аймактардагы тибет эли байырлаган шаар-кыштактарда коопсуздук чараларын күчөттү. Бул мааракеге байланыштуу нааразылык чаралары айрым чет өлкөлөрдө эмитеден эле өткөрүлүүдө.

Ассошиейтед Пресс (Associated Press) агенттигинин 8-мартта кабардашынча, Кытайдагы Тибет, Сычуан аймагы сыяктуу тибет улутундагы жамааттар жашаган аймактарда полиция жана ири техникалык унаалары бар аскерлер күзөттө турушат.

Расмий Бээжин тибеттиктер мындан жарым кылым илгери - 1959-жылдын 10-мартындагы коммунисттик режим тарабынан ырайымсыздык менен басылган тибет элинин улуттук-боштондук көтөрүлүш аракетинин мааракеси жаңы толкундоолор менен коштолушунан чочулап, дал ушундай чараларга барууда.

Лондондогу нааразылык жыйын

Бир катар маалымат агенттиктери ишембиде (7-мартта) Лондон шаарында миңден ашуун киши катышкан нааразылык чарасы өткөрүлгөнүн маалымдашты.

Тибеттин улуттук желегине чулганган демонстранттар оболу Кытайдын Лондондогу элчилигинин маңдайына чогулушту.

Британиядагы Тибет Коомунун маалымдашынча, тибеттик кечил Палден Гйатсо (Palden Gyatso) элчиликке тибеттиктерге каршы кыйноолорду токтотуу чакырыгы камтылган ачык катты тапшырды. Бул кечил учурунда 33 жыл кытайлык абакта жаткан.

Андан соң демонстранттар Лондон шаарынын батышынан чордонун көздөй жүрүш жасап, Трафалгар аянтына чейин келишти жана бул жерде чакан жыйын курушту.

Алар “Тибеттеги тибеттиктер, биз сиздер менен биргебиз! Кытай, Кытай, (аймактан) чыгып кет!” деп кыйкырып жатышты.

Былтыркы тирешүүлөр жана зомбулук аракеттер

Былтыр Тибет автономиялык аймагынын ордо шаары Лхасада бутпарас кечилдер Кытай бийлигине каршы нааразылык чараларын өткөрүшкөн. Полиция аларга бөгөт коюуга аракеттенгенде тирешүү болуп, ал 14-мартта ири кагылышууга өсүп чыккан.

Кагылышуулар Тибеттен башка аймактардагы ондогон шаар-кыштактарда да орун алган. Бул кагылышуулардан көптөгөн кишилер набыт болгону кабардалган.


Ланчжоудагы Түндүк-Батыш Улуттук Университетинде окуган тибеттик студенттердин тынч нааразылык чыгуусу. Кытай. 2008-жылдын 19-марты.

Бозгундагы Тибет өкмөтү (Дхарамсала / Dharamshala шаары, Кангра өрөөнү, Индия) болсо Лхасада бери дегенде жүз киши өлгөнү тууралуу маалымат келгенин билдирген.


Кытайдын өкмөттүк Синхуа кабар агенттигинин маалымдашынча, кагылышуу маалында он киши мерт болгон.


Бозгундагы Тибет өкмөтү былтыр 15-мартта Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Тибет аймагындагы одоно укук бузууларды тез арада иликтөөгө чакырган.


Батыш (АКШ, Европа Биримдигинин өлкөлөрү) тараптарды сабырдуулукка чакырып, расмий Бээжинди карапайым калайыкка каршы күч колдонбоого үндөгөн.


Далай Лама чыныгы маданий автономияны каалайт

Далай Лама (Dalai Lama), бозгундагы тибеттик рухий жолбашчы, расмий Бээжиндин былтыркы ири тополоңду тымызын уюштурган же шыкактаган тарап катары өзүнө карата айыптоосун төгүндөп, четке каккан.

1935-жылы туулган, 1950-жылдан бери бозгунда жүргөн Далай Лама, ошондой эле, кытай бийликтерин тибеттик демонстранттарга каршы күч колдонбоого, сүйлөшүү жолуна чакырып келет.

Далай Лама, тибеттиктердин бозгундагы рухий жолбашчысы.



Далай Лама, айрым башка тибеттик жикчилдерден айырмаланып, Тибеттин мамлекеттик көз каранды эместигин эмес, тибет элинин нукура маданияты жана рухий баалуулуктары чындап сактала турган кеңири автономияны каалаарын билдирүүдө.





Тибет 1950-жылы Коммунисттик Кытай тарабынан басылып алынып, анын бир автономиялык аймагына айланган.

Бутпарас динин туткан тибеттиктердин бир бөлүгү аймактын эгемендигин калыбына келтирүүнү талап кылып келет.

Тибетти көөнө доорлордон берки өз тарыхый атажуртунун бир бөлүгү караган расмий Бээжин бул аймактын Кытайдан жиктелиши тууралуу талаптарга караманча-каршы турууда.
XS
SM
MD
LG