Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

10-сентябрда парламенттик шайлоого карата үгүт иштери башталат. Үгүт кампаниясы маалындагы маалымат каражаттарынын иштери тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев жооп берди.

- Эки күндөн кийин үгүт иштери башталат. Үгүт иштерине катышуу үчүн БШКдан 180 чамалуу маалымат каражаты каттоодон өтүштү. Дегеле буга чейинки үгүт иштериндеги негизги кемчиликтер эмнелер эле? ММКлар келаткан үгүт иштеринде эмнелерге көңүл буруусу керек?

- Чынын айтканда бул жолку үгүт иштери мурдагы шайлоолордогу үгүт иштерге караганда журналисттер жана маалымат каражаттары үчүн оорураак, татаалыраак болот. Анткени бул жолу саясий күрөшкө көбүрөөк партиялар катышып атат. Бул да журналисттерди алагды кылышы мүмкүн.

Мисалы, мурдагы парламенттик шайлоодо партиялардын ишин маалымат катары чагылдырууда биздеги маалымат каражаттары аксап калды эле. Эмне үчүн дегенде бардык партиялар тууралуу маалыматтарды чогултуу кыйынга туруп калган. Ал эми бир же бир канча партия тууралуу маалыматты азыраак берип же такыр бербей калсаң, ал маалымат Шайлоо кодекси боюнча үгүт катары эсептелип калышы мүмкүн болчу. Ошондуктан көптөгөн ММКлар өткөн шайлоолордо чочулап, маалыматтык жагын көп беришкен эмес болчу. Бул жолу да ошондой болобу деген чочулоолор бар.

- Алдыдагы шайлоо кампаниясы маалында маалымат каражаттары аныкталган стандарттарды карманат дегенге аз да болсо ишеним барбы сизде?

- Сиз өзүңүздөр байкагандай, бул жолу көп партиялар шайлоого аттанышпадыбы. Бизде канча партия болсо, ошондой эле сандагы алардын таламын талашкан гезит-журналдар бар. Мындай шартта бир стандартка түшүп иштөө өтө кыйын го деп ойлойм. Анткени жөнөкөй, жай учурда деле аныкталган стандарттар сакталган эмес.

- Кыргызстанда журналисттик этикалык принциптерди кармануусу кандай жолго коюлган? Бейтараптуулук, калыстык сыяктуу принциптер кармалабы?

- Этика маселеси чынында бул эл үчүн иштеген, өз аудиториясы үчүн күрөшүп, аларды өзүнө тартууну көздөгөн маалымат каражаттары үчүн болуп калат. Ал эми бизде көптөгөн гезиттер акчалай жагынан алардын жетекчилерине, балким ошол гезитти негиздеген партиялык уюмга баш ийет. Мындай абалда биринчи кезекте редакциянын алдына “кантип жетекчинин айтканын туура жасайбыз” деген маселе алдыга чыгат дагы, этикалык жагы артка сүрүлүп калат. Ошол жагы бизде азыр да кооптуу болуп турат.

- Буга чейинки шайлоолор маалында каралоо, бири-биринин өздүгүнө асылуу, кемсинтүү сыяктуу ыкмалар колдонулган учурлар көп эле кездешкен. Мунун баары стандарттардын сакталбаганына, этикалык принциптердин иштебегенине байланыштуу да. Буларды мыйзамдык жактан тууралоого болобу?

- Этикалык маселе деген бул – атайын мыйзам менен жөнгө салынбаган моралдык мыйзамдар, принциптер. Ошондуктан биз этикалык принциптерди алдыга жылдырып атабыз. Адамдар өздөрүн жоопкерчиликтүү сезсин. Өз абийири, эл алдында таза болсун деген максатта. Эми бул жеңил-желпи жылып кетчү иш эмес. Бирок журналисттер азыртан эле бизге этикалык принциптер керек экенин айта башташты. Биздеги журналисттердин Этикалык кодекске эки жолу өзгөрүү киргизилгени буга күбө.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG