Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Акаев бийлигине каршы турган башчылардын бири Топчубек Тургуналиев ыңкылап өз максатына жеткен менен, азыркы бийлик ошол кездеги убадаларды, максат-тилектерди аткарган жок, деп эсептейт. Ал “үй-бүлөлүк, кландык бийлик тоталитардык-диктатурага ооп баратат”, - деген ойдо.

“Азаттык”: - Топчубек мырза, 2005-жылы 24-мартында сиз Акаев бийлигине каршы турган башчылардын катарында болгонсуз. Назаралиевдин имаратында башталган митингди башкарып турган элеңиз. Ыңкылаптын башкы себептерине токтоло кетсеңиз?

Топчубек Тургуналиев: - 2005-жылдагы Элдик революциянын себептери көп болгон, мен негизгилерин айтып кетейин: Биринчиден, Кыргызстан 1990-жылдын башынан эле күндөн-күнгө экономикалык-саясий-социалдык кризиске малына берди. Экинчиден, 1994-жылдан баштап саясий куугунтукту баштады. Ошондо дагы журналисттерден башталган. Бийликтин көргөзмөсү менен эркин гезиттер жабылган. Андан кийин саясий башчыларды түрмөгө салды. Биринчи түрмөгө салган мен болгом. Үчүнчүдөн, 2002-жылы Аксыда өзүнүн элине каршы мылтык көтөрүп, атты. Төртүнчүдөн, 90-жылдын экинчи жарымынан тартып Акаев далай-далай жерди Казакстанга, Чүйдүн боорундагы үч жерди Кытайга берип койду. Мунун өзү тарыхый чыккынчылык болгон. Андан сырткары элдин абалы күндөн-күнгө жаман боло берди, авторитардык бийлик трайбализмди эбегейсиз күчөттү. Коомдун турумушта эч өнүгүү болгон жок. Ошондуктан 2005-жылдагы элдик революция ишке ашты.

“Азаттык”: - 2005-жылдагы окуялардан кийин өлкө башына келген бийликтин негизги кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?

Топчубек Тургуналиев: - Бүгүнкү президенттин айткан сөзү, убадасы, анты менен кылган ишинин айырмасы асман менен жердей болуп кетет экен. 2005-жылда бүтүндөй элибиз үмүт кылып революцияны ишке ашырды эле. Бирок ошол март ыңкылабынын тарыхый улуу талаптарынын, максаттарынын бири да ишке ашкан жок. Ал түгүл Кыргызстанды күндөн-күнгө азапка салып жатат. Биз Акаевдин учурунда бул үй-бүлөлүк кландык авторитардык бийлик деп келгенбиз. Ал эми азыр болсо ошол үй-бүлөлүк кландык бийлик күндөн-күнгө тоталитардык диктатурага ооп баратат.

“Азаттык”: - Март окуясын азыркыга чейин революция, төңкөрүш, ыңкылап деп ар кандай атап келатышат. Сиздин оюңузча бул кандай аталышка ээ, 24-мартта эмне болгон?

Топчубек Тургуналиев: - 2005-жылы эртең менен жетиде чыгып кеттим. Саат сегиздер чамасында А.Бекназаров, дагы бир топ адамдар болуп, Ж.Назаралиевдин борборуна бардык. Бир аздан кийин Бакиевдер келишти. Ал эми ошол күнү кечинде үйгө келип телевизор көрүп атсам, Улуттук телеканалдан М.Шеримкулов “бул революция эмес, мамлекеттик төңкөрүш” деп сүйлөп атыптыр. Ошол кезде УТРКны убактылуу Оксана Малеваная башкарып турган. Ага телефон чалып, убакыт бер дедим. Барсам имараттын алдында 200дөн ашуун адам бар экен. Ошондо “Шеримкулов мамлекеттик ишмер, окумуштуу катары жаңылып атат. Ал революция менен мамлекеттик төңкөрүштүн айырмасын билбейт экен”, – дедим. Мамлекеттик төңкөрүш деген эмне? Анын 3-4 түрү бар. Биринчи, негизги түрү – ал бийликтеги тургандардын бир бөлүгү экинчи бөлүгүн оодарабыз дейт. Буга эл катышпайт, көпчүлүк учурда эл мындай төңкөрүшкө каршы болот. Ал эми марттагы окуя – революция. Себеби акыркы 2005-жылдын февраль-март айларында жалпы Кыргызстандын баардык жерлеринде элдик толкундар болду. Ошондо бери жагы 200-300 миң адам катышты. Демек, бул мамлекеттик төңкөрүштөн айырмаланып, ага жүз миңдеген адамдар катышат. Албетте революцияга элдин 100% катыша албайт. Анткени арасында ага келе албаган оорулуулар, пенсионерлер жана коркоктор бар да.

“Азаттык”: - Бирок ошол эле учурда Ак үйгө өспүрүм, жаштар кирип барды, ошондогу окуяны жакшы түшүнбөгөн адамдар эле жасады деген кептер да айтылып жүрбөйбү?

Топчубек Тургуналиев: - Революцияга чыккан адамдардын баары эле чоң саясатчынын же окумуштуу, изилдөөчүнүн деңгээлинде түшүнө бербейт. Алар турмуштун кыйындыгынан жүрөгүндө биротоло кыжыры кайнап, каны кайнап бүткөндүктөн чыгат. Ал эми Ак үйдү алгандардын арасында мурда бийликтин даярдыгынан өткөн ак кепкачандар да болгон болушу мүмкүн. Ак үйдү талкалагандар ошолор болсо керек. Компьютерлерди талкалап, терезеден ыргытып, ал түгүл эки КамАЗга жүктөп кеткендер да болгон. Таламай да алгач бийлик адамдарынын колунан жасалган. Бизде так маалыматтар бар, алгач ошолор кычыраган джип машинелери менен барып талкалаган. Анан эл деген аккан суу да, анын үстүнөн жакыр, эч нерсеси жок. Экөө-үчөө талап атса, калгандары кирбей коебу? Тилекке каршы, ошондой болгон, бирок аны ким баштаган? Ак үйдү талкалагандар да революциянын чыныгы адамдары эмес. Жалал-Абаддын ошол кездеги губернатору “революцияга ичкичтер, наркомандар катышты, ошолор талкалады” деп айткан эле. Мен ага кошула албайм. Ооба, андайлар да болду, бийликтегилер биздин арабызга ошондойлорду атайын киргизди. Киргизбесе да болушу ыктымал. Бирок баары эле ошондой деген туура эмес да.

“Азаттык”: - Бириккен элдик кыймыл 27-мартта республика боюнча акция өтө турганын жар салды. Ошол жылдагыдай талап-тоноо, провокация болбойт деп ким кепил боло алат?

Топчубек Тургуналиев: - Провокация бийлик тарабынан болушу мүмкүн. Бакиев баш болгон бийлик провокацияга былтыртан бери эле даярданып жатат. Конституциянын 9-беренесинде “Кыргызстандын аскери элди-жерди тышкы душмандан гана сактоо үчүн түзүлгөн. Ал эми ички толкундарга кийлигишпейт”, - деп турат. Булар болсо аскерди ички толкундарга да колдонсо болот деп, антиконституциялык мыйзам кабыл алып жатпайбы! Анын ичинде спортсмендердин бир тобун даярдап жаткандыгы мурдатан эле белгилүү. Демек, провокация жасаса, Кудай бетин ары кылсын, кан төгүлө турган болсо, Бакиев баш болгон бийлик керт башы менен эртели-кеч жооп берет.

“Азаттык”: - Сиз быйыл 24-мартты кандай маанайда тосуп аласыз?

Топчубек Тургуналиев: - Кыргызстанда эмне көп - майрам көп. Жумуш жок. Ошол революциянын улуу тарыхый максат-талаптарынын бирөө дагы аткарылбаса, элим-журтум караңгыда калса, жакырлардын саны ого бетер көбөйүп атса, анан мен кайсыл алыма 24-мартта сайраңдап, майрамдашым керек?! Мен майрамдабайм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG