Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

МЕДВЕДЕВ КОРРУПЦИЯНЫН КЫЛТАСЫН КЫРКА АЛАБЫ?


Орус президенти Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/4F345012-7D22-41E0-913B-75535C74F100.asp коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук Кеңеш түзүп, аны жеке өзү жетектемей болду. Бул проблеманы чечкенге Елцин да, кийин Путин да сөз беришкен, бирок майнаптуу натыйжа чыккан эмес. Балким, үчүнчү президенттин аракети үзүрлүү болор? Эксперттер, байкоочулар, карапайым тургундар буга анчейин ишенишпейт.

Президент Медведев атайын өткөрүлгөн жыйында коррупция системалык проблемага айланып кеткенин айтып, ага каршы системалык чара керектигин белгиледи. Бу жагынан улуттук план иштеп чыкканга ал өкмөткө бир айлык мөөнөт берди. Жаңы түзүлө турган кеңешти Медведев жеке өзү жетектемекчи болду.

Улуттук көз карандысыз антикоррупциялык комитеттин төрагасы Кирилл Кабанов жаңы кеңеш реалдуу иштеген орган болуп каларына үмүт кылат. Елцинден бери бу маселени айтпаган, аны чечем деп кесенбеген бир да жетекчи болгон жок. Бирок коррупцияга каршы күрөштүн стратегиясы кандай болорун жок дегенде осмоктоп көрсөтүп берген деле эч ким чыга элек, дейт Кабанов.

Эл аралык Transparency International уюмунун докладдарында Россия коррупциянын деңгээли жагынан эң акыркы орундардан өйдө чыга албай жүрөт. Медведев өзү да былтыр эле ырасмий санактарда он миңге жакын иш каралганын белгилеп, муну тырмак учундай гана көрүнүш деп көрсөттү. Ал эми калктын үчтөн эки бөлүгү бул илдетти орус коомундагы жеңилбес оорудай көрүшөт. Милицияны, сот, прокуратура мекемелерин, бажы, салык, медицина, билим берүү системасын колкосунан коррупцияга баткан чөйрө деп эсептешет.

Энергетика министринин мурдагы орунбасары Владимир Милов келтирген маалыматтарга караганда, бир жылдык ички дүң продукциянын үчтөн эки бөлүгү мамлекеттик ишканалардын үлүшүнө туура келет, бирок алар казынага болгону бир процент гана салым кошот. Ушунун өзү эле коррупция кайсы чөйрөдө коолап-чайлап жатканын көрсөтүп турат. Көз карандысыз антикоррупциялык комитет жарыялаган докладда болсо былтыр эле Россиядан тышка 40 миллиард доллар каражат ташылып кеткени айтылат.

Жаңы концепцияда “коррупция” деген түшүнүктүн кыйырын кыйла кеңейткени жатышат. “Коррупция көп түрдүү кылмышты камтыйт, алардын баары адатта жабык мүнөздө болот, коррупционерди колунан кармап алыш абдан кыйын, аны териштирүү, жоопко тартуу андан бетер кыйын”,- деп моюнга алды Медведев. Жаңы планда мына ушулар эске алынып, күрөштүн жаңы ыкмалары, тарыйкалары жана усулдары каралууга тийиш.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Тамара Морщакова “коррупция” дегенге юриспруденцияда кызыкдар күчтөрдүн, көп учурда бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү аркасында ишти бир тараптын пайдасына чегерген мыйзамсыз чечимдер да кирерин ырастады. Бул маселенин актуал экенинде талаш жок. Кептин баары аны чечүү үчүн кандай ыкмалар колдонулат, мына ушунда турат, дейт ал.

Россиялык белгилүү эксперт Андрей Пионтковскийдин айтымында, коррупция адатта бизнесмендин чиновникке пара бергенин билдирет, ал эми Россияда азыр бул экөө бир киши болуп алган. Муну Пионтковский коррупциянын жаңы модели деп эсептейт.

Демек, Медведев коррупциянын кылтасын кырккысы келсе, анда ага өзү жетектеген саясий системанын кылтасын кыркканга туура келет. Буга анын күчү жетерине ким ишенет?

XS
SM
MD
LG