Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Эл аралык Transparency International уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү жемсөөлүктүн же коррупциянын деңгээли тууралуу жылдык изилдөөсүн жарыялады.

Бул изилдөөдө өкмөттүк мекемлердеги жемсөөлүк боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү эң начар 20 өлкөнүн катарына кирген. Уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Миклош Маршалл “Азаттыктын” кабарчысы Амирбек Азам уулунун жемсөөлүктүн көрсөткүчү (Corruption Perceptions Index (CPI)) же индексине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - Маршалл мырза. Оболу жемсөөлүктүн көрсөткүчү(Corruption Perceptions Index (CPI)) кандай аныкталганын түшүндүрүп берсеңиз.

Миклош Маршалл
М. Маршалл: - Жемсөөлүктүн көрсөткүчү - бул композициялык көрсөткүч. Ал көптөгөн кадыр-барктуу уюмдар ар кайсы өлкөдөгү экономикалык чөйрөнү изилдеп, талдоосунун жыйынтыгына таянып эсептелет. Transparency International уюму коррупциянын көрсөткүч-индексин башкеңсеси Лондондо жайгашкан The Economist Intelligence Unit изилдөө борбору, Дүйнөлүк экономикалык форум(World Economic Forum), Фридом Хаус(Freedom House) жана башка таанымал мекемелердин изилдөөлөрүнүн негизинде аныктады. Арийне, CPI салыштырмалуу индекс жана көбүн эсе ишкерлер менен бизнестеги тобокелчиликти баалап-прогноздогон эксперттердин көз караштарын чагылдырат. Биз жемсөөлүктү өзүнчө бөлүп карай албайбыз. Себеби, жемсөөлүк көздөн далдаада жасалат. Коррупциянын курмандыгы жана пайда көрүүчү былыктарын ачыкка чыгарууга кызыгышпайт. Ошон үчүн жемсөөлүктү ачык ашкерлеп көрсөтүү мүмкүн эмес. Биз, ошон үчүн, өлкөдө бизнес кылган ишкерлердин жана ири инвесторлорго коррупция коркунучу тууралуу кеңеш берген талдоочулардын айткан сөздөрүн жалпылап, түрдүү изилдөөлөрдөгү жемсөөлүк жөнүндөгү маалыматтарды салыштырып отуруп, өз баабызды беребиз. Ошентип, биз кайсы бир өлкөдөгү жемсөөлүктүн көрсөткүчүн жок дегенде көзкарандысыз үч изилдөө болгон учурда гана жасайбыз.

“Азаттык”: - Маршалл мырза. Corruption Perceptions Index изилдөөсү боюнча Грузия экс-советтик өлкөлөрдүн ичинен өткөн 2008-жылга салыштырганда 2009-жылы бир кыйла жакшы баа алыптыр. Өкмөттүк мекемелдерде жемсөөлүккө шарт жокко эсе деп эсептелген Жаңы Зелландия 9, 4 упай алса, Грузиядагы абал 4, 1 баллга бааланган. Буга Грузия кантип жетишти?

М. Маршалл: - Грузия өзүнчө сөзгө арзыйт. Себеби, Грузия Евробиримдикке мүчө Грекия, Румыния Жана Болгариядан да көп упай алды.(4,1 балл). Бирок Грузияны ашыра мактап жиберген да болбойт. Анткени, жемсөөлүк өлкөдөгү чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Деген менен, ийгиликтүү экономикалык реформанын жана бизнес чөйрөсүндөгү кырдаалдын жакшыртылганынын натыйжасында жемсөөлүк кескин азайганын фактылар күбөлөйт. Дүйнөлүк банктын “Doing business” деп аталган изилдөөсү боюнча да Грузия мыкты өлкөлөрдүн катарына кирген. Ошентип, азыр Грузияда ишкердик кылуу коңшулаш өлкөлөргө караганда жана былтыркыга салыштырганда жеңил.

“Азаттык”: - Маршалл мырза, сиз азыр оозанып кеткен Дүйнөлүк банктын “Doing business“ деп аталган изилдөөсүндө Кыргызстан 183 өлкөнүн арасынан 41-орунда турат же былтырыга караганда ишкердик үчүн жагдай өлкөдө эки эсеге жакшырган. Анткен менен, Transparency International Кыргызстандагы коррупциянын абалын былтыркыдай эле баалаган. Муну кандай түшүнсө болот?

М. Маршалл: - Менимче, Кыргызстандагы жагдай Грузияга караганда бөлөк. Анүчүн эки өлкөдөгү саясый институттарды салыштырып көрөлү. Грузиянын башкаруу системасы Кыргызстанга караганда мыкты. Грузияда саясый күчтөрдүн атаандашуусу бар, маалымат каражаттары Кыргызстандагыдан эркинирээк. Ошондой эле саясый системадагы теңдештик Грузияда Кыргызстанга караганда жогору. Бирок Кыргызстандагы жакшы көрүнүштөрдү белгилей кетейин. Жарандык коом өлкөдө ургаалдуу иштөөдө деп ойлойм. Менимче, Кыргызстандын саясый жетекчилиги реформага анча-мынча даяр сыяктуу. Ошон үчүн, Кыргызстандын алган баасы Түркмөнстан менен Өзбекстанга карганда бийигирээк.

Азаттык”: - Сөз соңунда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жемсөөлүк кеңири жайылган мекемелерди атай кетсеңиз.

М. Маршалл: - Менин оюмча, регион үчүн эң үлкөн маселе: текшерип баланстап туруу механизминин тартыштыгы. Бул механизм Борбор Азия өлкөлөрүндө жок деп ойлойм. Аткаруу бийлиги коом алдында өз ишмердүүлүгү боюнча көз карандысыз маалымат каражаттары менен бейөкмөт жарандык уюмдар алдында жетерлик жооп бербейт. Бизнеске өкмөт нокто салып, жетеленме кылып алган. Өкмөт экономикадагы кыймылды катуу көзөмөлдөп турат. Бул жемсөөлүк үчүн кыртышты өтө ыңгайлуу кылат. Грузиядагыдай радикалдуу экономикалык реформа жүргүзүлсө, бизнес климат жакшырмак жана бюрократияны, паракорлукту, административдик тоскоолдуктарды азайтмак. Мамлекеттик башкаруу да оңолмок. Жемсөөлүк көрсөткүчү - өкмөттүн кандай иштегени, мамлекеттик мекемелердеги жагдай тууралуу ишкерлер чөйрөсүндө калыптанган пикирди, эксперттердин көз караштарын туюнтат. Кайсы өлкөгө аз упай берилсе, бул эларалык ишкер чөйрөлөрдүн көз карашынча, өкмөт бизнес-келишимдерди өзү көзөмөлдөп, ишкерлерден кол акы күткөнүн, жаңы ишти баштаганга лицензия алуу оор экенин, текшерүү органдары пара алуу үчүн түркүн айла-амалдарга барганын, демек бийликте жемсөөлүк бар экенин түшүндүрөт. Ушундан улам, бийик упай алган өлкөлөрдө ишкердик үчүн жагдай жакшы да, аз упай берилген өлкөлөрдө ишкерлик үчүн жагдай начар.

“Азаттык”: - Ырахмат, Маршалл мырза.
XS
SM
MD
LG