Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Операция – Жекшенкулов!


Беш айча убакыттан бери оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов камакта. Буга чейин анын жакындарына да кылмыш иши козголгон.

2005-жылы Тышкы иштер министри кызматына барып отуруп, 2007-жылы кызматтан алынган Аликбек Жекшенкулов көп өтпөй оппозициянын катарына барып кошулуп, кыйла автивдүүлүк көрсөтө баштаган.

2008-жылдын соңунда бир катар оппозиция өкүлдөрү менен биргеликте АКШда жүргөн Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, ал министр болуп турган убакта Кытайдан келген каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылган. Анда А.Жекшенкулов Тышкы иштер министри болуп турган убагында мыйзамсыз пайдаланылган делген 73 миллион сомдой каражаттын эсеби чыгып, жүйөлүү себептер болбогондуктан экс-министр камакка алынган эмес.

Быйыл март айынын тогузунда А.Жекшенкуловго карата кайрадан кылмыш иши козголуп, ал дароо камакка отургузулган. Бул жолу ага карата адам өлтүрүүгө катышы болушу ыктымал деген айып коюлган. Анда Ички иштер министрлиги маалымат таратып, А.Жекшенкуловдун сыйлыкка алган “Макаров” маркасындагы тапанчасынан Сервет Четин аттуу Түркиянын жараны өлтүрүлгөндүгү анык болгондугун билдирген.

Ал камалгандан тарта беш айдан бери сот процесси уланып келатат. Бүгүнкүгө белгиленген сот процесси кийинкиге жылдырылды.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, бийлик атайылап эле белгилүү саясатчыны темир тор аркасында узакка кармоого аракет кылып, А.Жекшенкуловдун эркин сындыруу операциясы толук күчүндө. Мыйзам боюнча сот процесси созулуп кете турган болсо айыпталуучуну бир жылга чейин абакта кармоого болот.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун пикиринде, А.Жекшенкуловдун камалышы - бул толук түрдө саясий чечим болгон. Мындай куугунтуктар, коркутуп-үркүтүүлөр, ур-токмокко алуулар кыйладан бери башка оппозиция лидерлерине карата да колдонулуп келатат:
Бакыт Бешимов

- Бул кылмыш иштин эч кандай деле логикасы жок. Бул боюнча мурда да көп айткам. Ага андай күнөөлөрдү жүктөөнүн жүйөөлүү себептерин да мен көрбөй жатам. Муну саясий куугунтук деп гана эсептеш керек. Ошол эле. Ал деген беш айдан бери күнөөсүз камакта отурат. Андай күнөөсүз адамдарды кармап, ушундай абалга жеткирген адамдар жооп бериши керек.

Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, А.Жекшенкуловдун камалышында саясий боёк бар экени байкалып турганын, бирок соттун чечими чыкканга чейин бир жактуу айтууга болбосун билдирди. Ошондой эле ал жакынкы күндөрү камактагы А.Жекшенкулов менен жолугуп, анын саламаттыгын билүүнү, ага басым-кысымдар болуп-болбогонун текшерип чыгууну пландап жатканын айтты:

- Кандай болгон күндө да ушул Аликбек Жекшенкуловго байланышкан иште саясий боёк бар да. Ушундай боёгу бар экенин гана айта алам, башка айта албайм. Анткени азыр сот бүтө элек да. Мен жакында ага жолугуп чыгайын деп атам. Ага кирип чыккандан кийин да өзүмдүн пикиримди айтам. Менин оюмча, кандай болгон күндө да камап, соттоп, сабаган кадамдар компромисске, ынтымакка алып барбайт.
Турсунбек Акун

Буга чейин А.Жекшенкуловдун айрым үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарына, жакындарына да кылмыш иштери козголгон. Анын уулу Беккул Жекшенкуловго жана мурда Балыкчы шаарында вице-мэр болуп турган иниси Таалайбек Медеркуловго каршы кылмыш иштери козголуп, анын жакын тууганы, УКМКнын мурдагы жетекчиси Калык Иманкулов суракка алынган.

XS
SM
MD
LG