Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Астана чек арадагы фитосанитардык көзөмөлдү алышы мүмкүн


Бодо мал.
Бодо мал.

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орунбасары Амангелди Исаев билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан тийиштүү талаптарды аткаруу боюнча бүт аракеттерди жасады. Бул маселе 27-октябрда Минскиде Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында да көтөрүлөт.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болору менен чек арадагы фитосанитардык көзөмөл пункттары алынышы керек эле. Тийиштүү чечим 2015-жылдын 8-майында кабыл алынган. Исаевдин ырасташынча, Казакстан базардагы атаандаштыктан улам аны аткарбай келатат.

Быйыл 4-октябрда Евразия экономикалык комиссиясы 10 күн ичинде фитосанитардык көзөмөл бекеттерин алуу маселесин карап чыгууну казак өкмөтүнө сунуштаган.

XS
SM
MD
LG