Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Таксисттер менен милиция кызматкерлери кызматташат


Жолугушуу маалында тартылган сүрөт
Жолугушуу маалында тартылган сүрөт

9-декабрь күнү болгон жолугушууда “Жорго” такси кызматынын таксисттери менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы окуя боюнча талкуу болуп, аталган такси кызматынын жетекчиси болуп кеткен жагдай боюнча милиция кызматкерлеринен кечирим сурады. Мындан тышкары анда такси кызматынын өкүлдөрү милиция менен кызматтыштыкта болуусу, айдоочулардын спирт ичимдиктерин жана маңзат колдонуусун текшерүү талабы коюлду.

Жыйынтыгында милиция менен такси кызматынын өкүлдөрүнүн өз ара кызматташтыгын арттыруу үчүн атайын план иштеп чыгуу зарылдыгы айтылды. Чогуу иш алып баруу жол кырсыктарынын алдын алууга жана таксисттердин коопсуздугуна да өбөлгө болорун тараптар белгилешти.

Өткөн жумада “Жорго” компаниясынын таксисттери менен милиция кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик болуп, жаңжал чыккан. Бишкек ШИИБ милиционерлер кызматтык милдетин аткарганын айтууда. Ал эми айдоочулар тартип сакчылары орой мамиле жасап, аша чаап жиберишкенин белгилеп жатышат.

Бул факты боюнча, кылмыш иши козголуп, эки таксист кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG