Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

АКШ шайлоого Орусия кийлигишкени тууралуу маалыматты ачыкка чыгарат


Президент Барак Обама чалгын кызматтарына АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкени тууралуу бардык маалыматтарды даярдап, элге жарыялоону буйруду. Мындай чечимди Обама Конгресстеги тарапкерлеринин талабынан кийин кабыл алган.

Демократиялык партия жана анын талапкери Хиллари Клинтон шайлоо өнөктүгү учурунда бир нече жолу киберчабуулга кабылышкан. Учурунда чабуулдар Орусиянын атайын кызматы менен байланышы бар хакерлер тарабынан жүргүзүлүп жатат деп айтылган болчу.

Бул Обаманын ал мамлекет башында турган акыркы буйруктарынын бири. Обама президенттик кызматтан жаңы жылдын 17-январында кетет. Чалгын кызматтарынын маалыматтары жаңыдан шайланган президент Дональд Трампка берилет.

XS
SM
MD
LG