Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Президент Адам укуктарын коргоо күнүнө карата кайрылуу жасады


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кайрылуусунда, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге кошулганын белгилейт. Бүгүнкү күнү да дүйнөлүк коомчулук менен бирге адамдын негизги эркиндиктерин жана укуктарын сактоону жактай турганын ырастаган.

“2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциядан кийин Кыргызстан көз карандысыздыгын бекемдөө, укуктук мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат. Аймактагы башка өлкөлөрдөн биз биринчи кезекте жарандын эркиндигинин деңгээли жогору экендиги менен айрымаланып турабыз” деп айтылат кайрылууда. Мындан тышкары президент Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланышы өлкөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча жетишкендиктер үчүн калыс баа жана Кыргызстан демократия, мыйзамдуулук жолунда өнүгүп жатканын эл аралык деңгээлде таануу болуп саналарын баса белгилеген.

Мамлекет башчы ошондой эле кайрылуусунда, Кыргызстанда адамдын ар-намысын урматтоо жана адилеттикти камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги принциби экенин белгилеп, “биздин өлкөдө авторитаризмге кайра кайтуу мүмкүн эместигине элибиз ынанды” деп билдирген.

Кайрылууда “Мыйзамдуулук, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын укуктук ченемдерди, биринчи кезекте мыйзамдарды так сактоосу – Кыргыз мамлекетинин туруктуу өнүгүшүнүн эң башкы фактору. Ошондуктан сотторду жана укук коргоо органдарын реформалоо ишин аягына чыгарып, жөнөкөй адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылуу керек. Коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү өркүндөтүү зарыл. Биз туруктуу экономикага жана туруктуу саясий системага ээ укуктук мамлекет курушубуз керек” деп айтылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 1966-жылы 16-декабрда кабыл алган Экономикалык, социалдык жана маданият укуктары жөнүндө эл аралык пакты менен Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга быйыл 50 жыл толот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG