Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Бүгүн “жымжырттык күнү”


Бишкек
Бишкек

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоого бир сутка калганда шайлоого үгүт иштери токтотулду. Бүгүн саясий партиялар, өздөрүн көрсөтүп чыккан талапкерлер, үгүтчүлөр үгүт жүргүзүүгө укуксуз.

Ошондой эле маалымат каражаттары да үгүт иштерин токтотуусу зарыл.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 22 шаарда өтөт. Ага жалпысынан 35 саясий партия катышат. Ал эми 389 айылдык кеңешке 18 миңден ашуун талапкер катталган. 3938 талапкер саясий партиялардан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер.(ZKo)

XS
SM
MD
LG