Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Түркия - Армения: “Жарашуу жараяны” токтоп калчудай


Түрк президенти Абдулла Гүл Армения президенти Серж Саркисян менен жолугушууда. Түркиянын Бурса шаары, 2009-жылдын 14-октябры.

Түрк президенти Абдулла Гүл Армения президенти Серж Саркисян менен жолугушууда. Түркиянын Бурса шаары, 2009-жылдын 14-октябры.

Aрмения - Түркия мамилелерин жакшыртуу максатында былтыр Ереванда футбол мелдеши менен башталган жараян Тоолуу Карабак жаңжалы, геноцид маселесинен улам токтоп калуу алдында.

Өткөн жылы Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн Армения менен Түркиянын ортосундогу бир футбол мелдешин көрүү максатында Ереванга тарыхый саякат жасоосу менен башталган жакындашуу жараяны үзгүлтүкө учуроонун алдында. 2009-жылдын 10-октябрь күнү Швецариянын Зюрих калаасында дипломатиялык алака орнотуу максатын күткөн 2 протоколго кол коюлушунан кийин эл аралык коомчулукта чоң үмүттөнүүлөрдү пайда кылган жараян, Армениянын Конституциялык сотунун протоколдорду кабыл алып, ошол эле учурда келишимдер Армениянын көз каранды эместик декларациясынын 11-беренесине кайчылаш болбош керек деген бир шартты тиркеп коюусу себептүү солгун тарта баштады.

Көз каранды эместик декларациясынын 11-беренесинде 1915-жылдагы окуялардын дүйнө тарабынан геноцид актысы катары таанылышын кепилдике алуу Армениянын башкы милдети болуп эсептелээри билдирилет. Армениянын Конституциялык сотунун протоколдорду ушул берене менен байланыштырып коюусу Түркия тарабынан Зурих протокодорунун рухуна кайчылаш жорук катары бааланды.

Түркиянын премьер-министри Режеп Таййип Ердоган Сауд Арабияда сапарда болгон учурундагы маалымат жыйынында: “Конституциялык соттун чечимине биз эч качан кабыл ала албай турган шарттар тиркелип коюлуптур. Биз протоколдорду эч кандай бир башка мекемени аралаштырбай эле, түздөн-түз парламенттин жактыруусуна сундук. Биз протоколдордунсүйлөмдөрү ортосунда кандайдыр бир операция жасабадык. Армения протоколдордун текстин бурмалашка тырышты. Муну оңдош керек албетте, антпесе жараян запкы жейт. Ошол эле кезде биздин Армения менен Азербайжандын ортосундогу чатакты бул жараяндан бөлөк кармоого акыбыз жок”, - деди.

Айта кетсек, өткөн жылы Зурихде протоколдорго кол коюлгандан кийин Азербайжан катуу реакция көрсөтүп, Анкара - Баку байланыштарында терең кризис пайда болгон эле. Баку Тоолуу Карабактагы Армениянын окупациясы аяктамайын, Түрк-Армян чек арасынын ачылышына каршы. Ошондуктан Анкара ошо кезде, мамилелердин нормалдашуусу үчүн, алдын ала Тоолуу Карабак жаңжалы чечилүүсү талап кылынаарын билдирип Бакунун көңүлүн алды.

ЕККУ Түркияны Тоолуу Карабак жаңжалын тараптардын өзүнө таштап, көңүлүн Армения менен байланыштарын нормалдаштыруу жараянына гана бурууга үндөп келди. Соңкусу болуп, өткөн жакын арада Ердоган Москвада сапарда болгон кезинде Россиянын премьер-министри Владимир Путин бул эки маселени бири-бирине аралаштырыш стратегиялык жактан дагы, тактикалык жактан дагы каталык болор эле деген пикирин айтты.

Маалым болгондой, Армения Азербайжандын Тоолуу Карабак облусун басып алганда, тектеш Азери калкын колдогондуктун белгиси катары Анкара Армения менен болгон чек арасын жаап салды. Анкара Армениянын көз каранды эместигин тааныган менен Ереван менен дипломатиялык алака түзбөдү.

Түркия парламентинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын мүчөсү, депутат Мурат Мержан шаршемби күнү чет элдик кабарчылар менен маектешип, Азербайжан аймагындагы армяндардын окупациясы аяктамайын улуттук мажлис Зурих протоколдорун талкууга албай турганын дагы бир жолу кайталады. 1915-жылдагы окуялардын геноцид катары таанылышын Түркия чечкиндүү түрдө четке кагып келди. Зурих протоколдорундо бул маселенин эл аралык тарыхчылардын да катышуусу менен эки өлкөнү ортосундо түзүлө турган орток илимий комиссия тарабынан чечилүүсү каралган.

Ошондуктан Армениянын Конституциялык сотунун токтомунда көз каранды эместик декларациясынын 11-беренесине шилтеме жасоосу Анкаранын пикиринде, протоколдордун рухуна кайчылаш келет. А Армения тарап болсо, протоколдордо Тоолуу Карабак жаңжалынын чечилүүсү тууралуу эч кандай бир шарт жок экенин билдирип келет. Айтор, өткөн жылы чоң үмүттөнүүлөрдү пайда кылып башталган "жарашуу жараяны" жылчыгы жок туюка такалып бараткандай.
XS
SM
MD
LG