Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Азербайжан-Түркия: күн тартибинде энергетика маселеси


Аптанын башында Азербайжандын Президенти Илхам Алиев “Азияда кызматташтык жана коопсуздукту чыңдоочу чаралар конференциясынын” 3-саммитине катышуу максатында Стамбул шаарына келет. Алиевдин бул жердеги сүйлөшүүлөрүнүн чордонун энергетика маселеси ээлөөсү күтүлөт.


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан 1992- жылда түптөлгөн “Азияда кызматташтык жана коопсуздукту чыңдоо чаралар Конференсиясынын” 3- саммити Дүишөмбү күнү Стамбулда башталат. Саммитке биринчилерден болуп келе турган Азербайжандын президенти Илхам Алиев сапарынын жүрүшүндө Түркия менен “Шахдениз 1” жана “Шахдениз 2” газ соодасы тууралуу келишимдерге кол коюусу күтүлөт. Эки өлкөнүн ортосунда “Шахдениз 1” газы менен байланыштуу, газдын баасын белгилөө боюнча келишпөөчүлүктөр келип чыккан болуучу. Түркия Азербайжандан газдын кубик/метрин 120 доллардан алып келсе, Азербайжан дүйнө базарларында газдын баасы анан 3 эсе арбын деп 300 доллар талап кылып келди.

Соодалашуулар кыйла алыска созулуп, натыйжада эки ара мунасага жетишилген сыяктанат. “Шахдениз 2” долбоору болсо, Түркия үчүн болгондой Европанын табыйгы газ менен тейленүүсүндө абдан зор мааниге ээ. Анткени бул долбоор аркылуу азери газы Түркияны энергетика коридоруна айландыруусу болжолгон НАБУККО линиясына куюлат. Түркиянын Энергетика жана табигый ресурстар боюнча министири Танер Йылдыз кол коюла турган бул келишимдер аркылуу өткөн жакын арада айткан сөзүндө:

“Азерилер биздин бир туугандарыбыз. Алар менен келише албай турган эч бир маселе жок. Мунун бир убактысы, саясий конюктура өңүтү бар экенин айткан элем. Ушу тапта бардык маселелер ордуна келди жана биз Шахдениз газынын баасы жана көлөмү тууралуу принципте келиштик,"- деген болуучу.

НАБУККО долбоору белгилүү болгондой, Каспийдин жана Борбор Азиянын газын Россияны тегеректеп Европага алып чыгууну көздөгөн, ошондой эле, европалыктар үчүн стратегиялык мааниси зор бир маселе. Бул дөө проект ошол эле учурда Түркияны энергетика коридоруна айландырып, Европалык Биримдикке толук мүчө болуу мүдөөсүндө Анкара үчүн күчтүү көзүр болоору болжолдонот.

Россия бул долбоорго башынан бери каршы болуп келсе да, кийинки аралыкта кызматташууга ынтызар экенинин четин чыгарды. Стамбулдагы саммитке катышуу максатында 8-июнь күнү Түркияга келүүсү күтүлгөн Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин күн тартибинде да баарынан мурда газ маселеси башкы орундуу ээлөөсү күтүлөт.

Стамбулдагы саммитте “Азияда кызматташтыкты жана коопсуздукту чыңдоо чаралары” конференциясынын төрагалык милдети 2 жылга Түркияга өткөрүлүп берилет. 1992- жылда Назарбаев түптөгөн конференцияга учурда 20 өлкө толук мүчө, 10 өлкө болсо байкоочу катары катышууда. Түркиялык ырасмий чөйрөлөрдүн маалымдашына ылайык, Түркиянын төрагалыгында конференция, саясий жана аскердик маселелерде да жумуш алып барат.

Ушул өткөн аптада Стамбулда, “Түрк Азия Стратегиялык Изилдөөлөр Борборунун быйыл бешинчисин уюштурган “Эл аралык Түрк-Азия Курултайында” Азиялык түшүнчө курулуштары (Think Tanks) жолугушту. Курултайда чыгып сүйлөгөн, Росиянын ТИМ-лигинин Дипломатия Академиясысынын окутуучусу Проф. Др. Валери Николаенко, “Коопсуздук бир гана аскердик тармак менен чектелбейт” деди. Азиянын, табыйгы байлыктары менен дүйнөнүн эң бай аймагы боло турганын ырастап ал: “Азиядагы Коопсуздуктун маанисин Кыргызстандагы кийинки окуялардан түшүнүп калдык. Коопсуздук бир гана аскердик маселелерге тийиштүү эмес, анын экономикага, энергетика, коммуникация, саясат жана экологияга тийиштүү чендери бар. Иштин бул жагын дагы ойлош керек”,- деди.

XS
SM
MD
LG