Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Түркия менен Армениянын мамилеси күн тартибинде


Түркия менен Армениянын макулдашуусуна нааразылыгын билдирген митингдер эки өлкөдө тең өттү.

Түркия менен Армениянын макулдашуусуна нааразылыгын билдирген митингдер эки өлкөдө тең өттү.

Түркия менен Армения дипломатиялык мамилелерди түзүү тууралуу макулдашканы жалпы Кавказ аймагынын пайдасына болору айтылууда. Бирок, айрым серепчилердин пикиринде, алдыда дагы бир топ маселелер кала берүүдө.

Дипломатиялык алака түзүү тууралуу Армения менен Түркиянын ортосундагы макулдашуу эки өлкөнүн коомчулугунда тең кызуу талкууларды жаратты.

31-августта Түркия менен Армениянын Тышкы иштер министрликтери орток билдирүү жасады. Бул тарыхый кадам катары бааланганы менен, Түркияда да, Арменияда да улутчулдар макулдашууну кескин сынга алышты.

Түркиянын оппозициячыл “Улуттук аракеттенүү” партиясынын лидери Девлет Бахчели билдирүү жасады. Анда Бахчели түрк өкмөтү армяндардын талаптарына мойун сунду деп айыптап, алты аптага созулары болжолдонгон саясий макулдашууну дипломатияда болуп көрбөгөн көрүнүш катары баалады.

Девлет Бахчели өкмөт тарабынан “тарыхый бурулуш учур” деп макталып жаткан макулдашуу саясий жана укук нормалары жагынан көптөгөн катаны камтыганын ырастап, Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагындагы армяндардын курчоосу бүтпөй жатып, Түркиянын Армения менен болгон чек араларын ачуу бир тууган Азербайжандын улуттук таламдарына зыян келтирерин белгиледи.

Түрк бийлиги мындай пикирлерди четке кагууда. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу маалымат жыйынында буларды айтты:

- Эч бир протокол биздин Азербайжан менен болгон достугубуздан да маанилүү эмес. Бул протоколдор Азербайжандын улуттук таламдарына эч качан зыян келтирбейт.

Бирок Давутоглу Тоолуу Карабак маселесине токтолбостон, Армения менен чек аранын ачылып-ачылбасын айткан жок.

Бул болсо басма сөз каражаттарында премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын жакында эле Бакуда парламентте “Тоолуу Карабак маселеси чечилмейин чек аралар ачылбайт” деп убадасынан кайткан жатабы?” деген түкшүмөлдөргө жем таштады.

Арменияда да улутчул маанайдагы “Дашнак” партиясынын чакырыгы менен миңге жакын киши демонстрацияга чыкты. 1-сентябрда Ереванда өткөн митингде “келишим менен Түркия Арменияны сызга отургузган жатат” деген пикирлер айтылды.

Кабарларга караганда, “Мирас” партиясынан депутат Артур Мартиросяндын баамында, Түркия менен жетишилген макулдашуу парламенттин кароосуна жиберилерден мурда референдум өткөрүлүшү керек.

1990-жылдардын башында Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагына байланыштуу чатактан улам 1993-жылы Түркия Армения менен чек арасын жаап салган.

Адистердин пикиринде, макулдашуу күчүнө кирип, чек аралар кайра ачылганда, эки элдин ортосунда бир кылымдан бери созулуп келаткан таарынычы бир топ жазылары күтүлгөнү менен, Азербайжандын улуттук таламдары менен эсептешилбей туруп, көп маселени чечүү оңой эмес.

Тасмада: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

XS
SM
MD
LG