Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Армения менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык байланыштарды түзүүнү көздөгөн элдешүү жараяны туңгуюкка кептелгени байкалат.

2009-жылы октябрда Армения менен Түркия Швецариянын Цюрих калаасында ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан геноцид жана аймактык талаш-тартыштарга чекит коюп, эки ортодогу дипломатиялык мамилелерди түзүүнү көздөгөн келишимдерге кол коюшкан.

Келишимдер эки өлкөнүн тийиштүү мекемелеринде колдоого ээ болгондон кийин алты айдын ичинде күчүнө кирмек. Армениянын Конституциялык Соту жакында эле бул келишимдерди караштырып, аларды жактырган.

Учурда Армения келишимдердин тез арада парламенттин жактыруусунан өтүшү үчүн аракеттенип жатканы менен Түркия Тоолуу Карабак жаңжалынан улам акыркы чечимин айта албай жаткан шекилдүү.

1990-жылдардын башында Армения Азербайжандын Тоолуу Карабак жана анын айланасындагы 7 аймакты басып алгандан кийин расмий Анкара Бакуну колдоп, Армения менен чек арасын жаап салган. Ошондон бери расмий Ереван менен дипломатиялык байланыш үзүлгөн. Бул - Армениянын Кавказдагы экономикалык жана географиялык жактан обочолонуп калуусуна алып барды.

Өткөн жылы Цюрихте келишимдерге кол коюлгандан кийин расмий Баку түрк-азери бир туугандык мамилелерине кыянаттык жасалганын белгилеп, Анкарага нааразылыгын билдирген. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган көп өтпөй Бакуга барып, “Тоолуу Карабак маселеси чечилмейин чек аралар ачылбайт” деген тил кат менен Бакунун көңүлүн алган.

Ушул аптада Давостогу экономикалык форумга катышкан Азербайжандын президенти Илхам Алиев “Wall Street Journal” гезитинин кабарчысына курган маегинде “Азербайжанга тиешелүү аймактар кайтарылып берилмейин, Түркия келишимдерди ратификациялабай турганына ишеничим бекем” деп билдирип, муну менен Армениянын нааразылыгын жараткан.

Алиев өзүнүн айткан сөздөрү кургак болбошу үчүн “газ көзүрүн” колдонду:

- Азербайжан табигый газын Түркия аркылуу гана эмес, башка жолдор менен да Европага алып чыгууга жөндөмү бар.

Түрк бийлиги буга унчукпай койо алган жок. Өкмөт башчы Эрдоган “Биз бул маселеде Азербайжанды түйшөлтө турган кадам жасабайбыз” деп билдирди.

Мына ушундай окуялардан улам армян бийлиги президент Серж Саркисянга кол коюлган келишимдерди алып салуу укугун ыйгарыш үчүн мыйзам долбоорун парламентке сунуш кылганы жатат.

Түркия армян-түрк мамилелеринин жакшырышын колдоп келген АКШ жана Швецариядан келишимдердин сакталып калуусу жөнүндө кепилдик сурады.

Бул аптада Ооганстандын келечегине арналган конференцияга катышуу үчүн Лондонго барган Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугушуп, бул маселени талкууга алды.

Ошентип өткөн жылы чоң шаан-шөөкөт менен кол коюлган Цюрих келишимдери учурда абдан оор бир сынактан өтүп жатат.

"Азаттыктын" архивинен: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

XS
SM
MD
LG