Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Армян "геноциди" Швецияны Түркия менен араздаштырды


Коноктор Швеция парламентиндеги "армян геноциди" боюнча өтүп жаткан талкууну тамаша кылып отурушат. 11-март 2010

Коноктор Швеция парламентиндеги "армян геноциди" боюнча өтүп жаткан талкууну тамаша кылып отурушат. 11-март 2010

Швеция парламентинин 1915-жылы Осмон империясында болгон армян кыргынын “геноцид” деп тааныганына Анкара саясый демарш менен жооп берди: Стокгольмдогу элчисин чакырып алды.

Швед парламентарийлери армян геноцидин тааныды

Бир кылымдай мурда Осмон империясында жашаган армяндардын башына түшкөн алааматты “геноцид” деп таануу жөнүндөгү чечимди Швеция парламенти бейшемби күнү өкмөттүн каршылыгына карабай кабыл алды.

Бул саясатчылар эмес, тарыхчылар бүтүм жасачу маселе.
Густав Бликс



Анкара резолюцияны “саясый чайкоочулук” деп атап, Стокгольмдогу элчисин чакырып алды. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган болсо 17-мартта Швецияда башталчу сапарын токтотту.

Бир апта илгери АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын эл аралык комитети да Осмон империясы армян букараларын атайылап “тукум курут” кылган деп бүтүм чыгарган.

Түркиянын Швециядагы элчиси Зергун Корутүрк айым. Стокгольм. 11-март 2010
Түркиянын элчиси Зергун Корутүрк айым швед парламентинин чечимине терең өкүнүчүн билдирди:

- Мен катуу өкүнүчтөмүн. Тилекке каршы, парламентарийлер депутат эмес, тарыхчы сыягы аракеттенди деп ойлойм. Бул аябай өкүндүрөт. Бул эки арадагы мамилеге өтө жаман зыян кылат. Анын зыяны тез арада оңдолот деп ойлобойм.

Армяндардын ырасташынча, Биринчи Дүйнөлүк согуш тушунда Осмон империясында тамыр курут кылуу максатында 1, 5 миллиондой армян өлтүрүлгөн.

Түркия коогалуу жылдарда “армяндар атайылап өлтүрүлгөн” дегенге макул эмес жана өлкөнү астын-үстүн кылган жарандык согуштун тополоңунда көптөгөн түрктөр да кырылып кеткенин айтып келет.

Швед саясатчылары тарыхчыларды укпады

Швеция парламенти береги чечимин күн бою созулган талаш-тартыштан кийин бир добуш айырма менен бекитти. Башкаруучу орточул альянстын мүчөсү Густав Бликс парламенттин эл аралык комитетин колдоп, резолюцияны колдогон жок.

-Бул парламент чеччү маселе эмес,-деп кайрылды Густав Бликс коллегаларына.-Бул саясатчылар эмес тарыхчылар бүтүм жасачу маселе.

Ал эми оппозициядагы Солчулдар партиясынын өкүлү Ганс Линденин сөзүнчө: "Эгер курман болгондор жана алардын азабы таанылбаса, бул жараат дагы бир канча муун өткөнчө айыкпайт".
Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт.


Кээ бир саясатчылар швед депуттардын чечими Түркия-Швеция арасындагы эле эмес, Түркия-Армения ортосундагы оңолуп бараткан алакага зыян кылат деп кооптонушат. Алардын бири Швециянын Тышкы иштер министри Карл Билд:

- Мен өтө кабатырмын. Чечимдин кесепети мени тынчсыздандырат. Мен Түркиядан кабар алдым: Оппозиция Армения-Түркия арасындагы нормалдашып бараткан байланышты токтотууну талап кылып жатыптыр. Менин оюмча, тарыхты саясатташтыруу элдешүүнү бир кыйла кыйындатат.

Бул пикириге ЕККУнун парламенттик парламенттик ассамблеясынын Тоолуу Карабахтагы өкүлү, швед парламент мүчөсү Горан Ленмаркер кошулбайт. Ал “Азаттыкка” берген инетврьюда армян геноцидин таануу Армения менен Түркиянын элдешүүсүнө доо кетирбейт деп ишенгенин айтты:

-Жараян Швецияда жана АКШ Конгрессинин эл аралык комитетинде эмне болгонуна карабай, алдыга кете берет.

Бир апта илгери АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын эл аралык комитети да Осмон империясы армян букараларын атайылап

Футбол ышкыбоздору Армения-Түркия футбол беттешүүсү учурунда. Ереван. "Граздан" стадиону. 6-сентябрь 2008

“тукум курут” кылган деп бүтүм чыгарган.

Армения ынкылапчыл федерациясынын тарапкерлери Армения-Түркия аралык мамилени жакшыртууга каршы демонстрацияда. 16-октябрь 2009

Швед парламентинин мүчөсү Генмаркер ошондой эле “Түркия парламенти Толуу Карабах жаңжалы жөндөлгөнүн күтпөстөн Армения менен эки жактуу мамилени калыбына келтирүү боюнча келишимдерди бекитиши зарыл”, - деп кошумчалады.


Түрк жана армян парламенти дагы канча күттүрөт

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Эдвард Налбандян жана Ахмед Давутоглу былтыр 10-октябрда “Дипломаттык мамилелерди орнотуу жөнүндөгү” жана “Эки жактуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу” протоколдорго кол коюшкан. Цюрихте кол коюлган бул документтерди эки өлкөнүн парламенти али беките элек.

Анкара 1990-жылдардын башында Армениянын күнкорсуздугун алгачкылардан болуп тааныган. Бирок, 1993-жылкы Карабах согушунда армян аскерлери Азербайжандын айрым бөлүктөрүн басып алгандан кийин, Бакыны колдоп Армения жак чек арасын жапкан.

Бийлик башындагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары Суат Киникоглу бейшемби күнү “Азаттыкка” берген интервьюда АКШ Конгрессинин армян кыргынын “геноцид” деп таануусу Түркия-Армения мамилесин жакшыртуу боюнча протоколго кол койууну мүмкүн кылбасын айткан.

Буга дейре армян элинин кыргынын бир катар өлкөлөр, анын ичинде Франция, Россия, Италия, Германия тааныган.

XS
SM
MD
LG