Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Түркия менен Армениянын дипломатиялык мамилени калыбына келтирүү протоколуна кол коюшканын чет өлкөлөрдө жашаган айрым армян топтору сыяктуу эле Түркиядагы айрым оппозициялык партиялар да кескин сынга алууда.

Ишемби күнү (10-октябрда) Швейцариянын Цүрих шаарында Түркия менен Армениянын өкүлдөрү эки өлкөнүн өз-ара дипломатиялык алакасын калыбына келтирүү жана ондогон жылдардан бери жабык бойдон келе жаткан чегараларды кайра ачуу маселелери камтылган келишимге алдын ала белгиленгенден 3 саат кечигүү менен кол коюшту.

Маалыматтарга караганда, кол койгондон бир саамдан соң, Армения тараптын кол койуу аземинен кийин жасай турган баяндамасында армян диаспорасы менен байланыштуу Түркияны иренжите турган сүйлөмдөр болгондугу себептүү убактылуу кризис пайда болду.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча Жогорку өкүлү Хавьер Солана, Франсиянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер; үй ээси - Швейцариянын тышкы иштер министри Мишелин Калми-Рей жана Европа Кеңешинин Министрлер комитетинин учурдагы төрагасы, словен тышкы иштер министри Самуел Жбогардын (Samuel Žbogar) жапатырмак кийлигишүүлөрү аркылуу 3 саат кечигүүдөн кийин тараптар арасында мунаса табылды.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу (Ahmet Davutoğlu) жана анын армян кесиптеши Едуард Налбандян кол койуу аземинен кийин баяндама жасашпады.

Жекшембиде Давутоглу мырза ишембидеги кол коюу маалындагы маалкатуу себебин “тек гана процедуралык майда-чүйдө маселе” катары сыпаттап, расмий Анкара эми өзүнүн Сирия менен чек арасын гана эмес, Армения тараптагы чек арасын да ача турган учур жакындап калганын айтып, ушул тапта Түркия коңшу өлкөлөрү үчүн өз ара мамилелерди жакшыртуу жаатындагы “кыймылдаткыч күч” (локомотив) ролун аткарып жатат деген оюн ортого салды.

Кылымга созулган кусаматчылыкты соңуна чыгаруунун алгачкы кадамдары катары бааланган бул тарыхый протоколдор эми эки өлкөнүн парламенттеринин жактыруусуна сунулуп, анан соң эки айдын ичинде Түркия-Армения чегарасы ачылуусу күтүлөт.

Кавказ аймагында туруктуулукту жана бейпилдикти түптөө ишиндеги бурулуш учур катары баалоого боло турган бул келишимдер, алдынан күтүлгөндөй эле, батыштык өлкөлөрдө жашаган армян диаспорасы жана протоколдорго башынан бери каршы болуп келген Түркиядагы оппозициялык партиялар тарабынан кескин түрдө сынга алынууда.

Оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясынын төрагасынын орунбасары Онур Өймен:

- Арысын-берисин ойлобой, шашылыш түрдө бул келишимдерге кол коюшту. Бизди кол коюуга зордогон жагдай эмне? Бул — сырттан жасалган кысымдарга туруштук бере албастыктын далили болуп эсептелет. Өлкөбүздүн келечеги жаатынан биз чынында абдан тынчсызданып жатабыз. Экономикалык кризисти же коомдук проблеманы чечүүгө болот, бирок тышкы саясатта бөөдө жасалган жеңилдиктердин ордун толтура албайсың.

Оппозициядагы экинчи партия Улутчул Аракеттенүү Партиясынын парламенттеги тобунун төрагасы Мехмет Шандыр болсо:

- Бул протоколдорго кол коюлгандан кийин биздин алдыбызга талаптарды койуп кысымга алышат. Биз бул күндү ‘кара күн’ деп жариялайбыз. Акыркы анализди эске алсак, бул келишимдер биздин бир тууган Азербайжан калкын жана алар менен биздин стратегиялык кызматташтыгыбызды коркунуч астына салат.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган бул сыяктуу сындоолорду алдын ала болжогондой, кол койуу аземин утурлап мындай деп айткан:

- Биз эч качан Азербайжан менен болгон биздин достугубузга көлөкө түшүрүүсү мүмкүн болгон кадамга барбайбыз.

Айта кетсек, Армения Осмон дөөлөтү (империясы) учурунда 1 миллиондон ашуун армян тукум курутка учурады деген доону койуп, Түркиянын азыркы бийлигин Биринчи дүйнөлүк согуштун шарттарында болгон бул окуяларды ‘геноцид’ (башка этноско каршы тукум курут саясаты) деп расмий таануусун талап кылып келди.

Азербайжанды ырааттуу колдогон Түркия Тоолуу Карабак жаңжалынан кийин Армения менен болгон чегарасын жаап салган.

Бул жаңы кол коюлган маанилүү келишимдер түрк-армян проблемасынын чечилүүсүнө гана эмес, жалпы Кавказ аймагында туруктуулуктун калыбына салынуусуна да чоң үлүш кошуусу ажеп эмес.

Бул тууралуу Орусиянын Түркиядагы элчиси Владимир Ивановский өз пикирин 11-октябрда мындайча билдирди:

- Кечөө күнү кол коюлган протоколдор аймактын саясий туруктуулугуна, ошондой эле, аймактагы экономикалык жана соода байланыштарын жакшыртууга үлүшүн кошот.

Орус элчиси Ивановский мырза, ошентип, расмий Кремл учурдагы армян-түрк жакындашуу жараянын колдоп жатканын дагы бир ирет баса белгиледи.

Жекшембиде (11-октябрда) бийликтеги АКПнын борбордук аткаруу кеңешинин чукул отурумунан соң маалымат жыйынын өткөрүп, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган армяндар менен алакаларды жакшыртуу маселесин сүйлөшүү, баарлашуу жолу аркылуу гана чечүү туура экендигин, бирок Армения басып алган азери жерлерин бошотуусу да керектигин айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG