Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Армения-Түркия: Жарашуу мезгили


Түркия менен Армениянын тышкы иштер министрлери жарашуу протоколуна кол коюуда.

Түркия менен Армениянын тышкы иштер министрлери жарашуу протоколуна кол коюуда.

Түркия менен Армениянын чек араларды ачып, дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү аракеттерин Кыргызстандагы эл аралык саясатка көз салган адистер оң маанидеги окуя катары кабыл алышууда. Алардын баамында, бир кылым мурдагы трагедиялык окуяларга кек сактоонун ордуна кошуналык ынтымак мамилеге өтүүнүн мезгили келди.

10-октябрда Цюрихте Армения менен Түркиянын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирүү жөнүндө протоколго кол коюшту. Аталган коңшу өлкөлөдүн дээрлик бир кылымга жакын созулган касташууну токтотуп, жарашуу жолуна түшүп жатышы жалпысынан эл аралык саясаттагы оң көрүнүш катары кабылданууда.

Кыргызстандагы эл аралык мамилер боюнча адис окумуштуу Орозбек Молдалиевдин айтымында, Армения кийинки учурда Орусияны эле карап отурбай, экономикалык кызыкчылыктан улам башка өлкөлөр менен алаканы күчөтүүгө аракет кылууда. Анткени Армения Кыргызстанга окшоп деңиз жолдорунан алыс турат. Еревандын көңүлү биринчи иретте жакын турган өлкөлөр Иран менен Түркияга бурулууда. “Ереван көп жылдан бери кырынан коюп келаткан геноцид фактысын Түркия тааныбай турганына Армениянын көзү жетти”, дейт Орозбек Молдалиев.

Глобализациянын шартында тарыхый окуяларга байланып эски көз караштар менен жашоого болбой турганын Армения да, Түркия да жакшы түшүнүүдө. Эгер тарыхта болгон трагедиялуу окуяларга карай бергенде, анда көп өлкөлөрдүн Чыңгыз хандын доорундагы төгүлгөн кан үчүн Монголия менен азыркы учурдагы алака-катышын үзүп салышы акылга сыйбаган көрүнүш болмок, дейт окумуштуу.

Дагы бир саясат таануучу Аскар Мамбеталиев, эки өлкөнүн мамилесин жумшартып, жаңы барагын ачууга Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн кылган аракетин баса белгилеп коюу керек дейт:

-Абдуллах Гүл азамат экен, футбол оюнуна келип, душмандыкты токтотобуз, достошобуз деп биринчи кол сунган ошол киши болду.

Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, Түркия менен Армениянын мурда болгон окуяларга кек сактабай, жаңыча мамиле түзүп жарашып жатканы жалпы эл аралык саясаттагы башкаларга өрнөк боло турган маанидеги оң бааланчу окуя:

-Эки өлкө бири-бирине жол берип, жарашпаса, экөөнө тең жаман болот.

Армения менен Түркиянын дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү аракеттери азыркы учурда бир жагынан дүйнө өлкөлөрүндөгү армян диаспораларынын, экинчи жагынан Карабак чатагында Азербайжандын таламын талашкан күчтөрдүн чоң каршылыгын жаратып жатканы белгилүү. Бирок бул каршылыктарга карабай, Армения менен Түркиянын президенттери, иликтөөчүлөрдүн оюнча, жарашуу ынтымакташуу процессинен баш тартпай, туруктуу улантышы абзел. Жарашуу протоколу эми эки өлкөнүн парламенттеринин элегинен өтүшү керек.

Анткени, кек сактап эрегишип отурганда эки өлкөнүн эч кимиси тең пайда таппайт. Түркия да Кавказ чөлкөмүндө көп экономикалык пландарын ишке ашырыш керек, Түркия менен чек араларын ачып, соода-экономикалык алака катышын жолго салуу Армениянын экономикалык келечеги үчүн да маанилүү маселе болуп саналат. Муну дүйнөлүк коомчулук жакшы түшүнгөн үчүн эл аралык уюмдар жана аттуу-баштуу өлкөлөр эки өлкөнүн ортосуна арачы жана данакер болуп жатышат.

Айтмакчы, Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салууда Кыргызстандын да дипломатиялык салымы бар. Бул аймакта куралдуу кагылышты токтотуу жөнүндөгү протокол 1994-жылы май айында Бишкекте кабыл алынган. Бул чечим ошол учурдагы КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин секретариатынын жана Москва менен Бишкектин арачылык аракеттери астында ишке ашкан.
XS
SM
MD
LG