Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Дональд Трамп ЦРУнун кызматкерлери менен жолукту


Трамптын ЦРУдагы жолугушуусу. 21-январь, 2017-жыл
Трамптын ЦРУдагы жолугушуусу. 21-январь, 2017-жыл

Жолугушуу Борбордук чалгындоо кызматынын башкы штабында болду. Кызматкерлер менен сүйлөшүп жатып, АКШнын президенти мекеменин дарегине мактоо сөздөрүн айтканын, аудитория анын сөздөрүн кол чаап кубаттап отурганын “Америка добушу” маалымдады.

Атайын кызматтын негизги милдети катары Трамп эл аралык терроризмге каршы күрөштү атады. Ал муну тез, токтоосуз жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Трамп өзү сунуш кылган Майк Помпеонун талапкерлигин Сенат ЦРУ жетекчилигине бекитип берет деген ишеничин да билдирди. Өткөн жумада Конгресстеги демократтар бул маселени кароону дүйшөмбүгө калтырууга жетишкен. Республикачылар болсо мунун айынан ЦРУ дем алыш күндөрү жетекчисиз калганын белгилешти.

Мурда Трамп ЦРУнун жана башка чалгын кызматтарын Орусиянын АКШдагы шайлоо кезинде хакердик чабуулдарга тиешеси бар деген билдирүүлөрү үчүн сындап келген. Акыркы бир нече жумада Трамп чалгын кызматтарын Москва өзүнө компромат чогулткан деген “туура эмес маалыматтын” тарап кетүүсүнө да айыптап, ал ЦРУнун мурунку жетекчиси Жон Бреннан менен кайым айтышууга алып келген эле.

XS
SM
MD
LG