Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Таласта «Кел, кыргызча сүйлөшөлү» аттуу акция өттү


Таласта бүгүн «Кел, кыргызча сүйлөшөлү» аттуу акция өттү. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү уюштурган иш-чара 21-февраль – Эне тил күнүнө арналды. Ага облустагы бардык окуу жайлардын биринчи курста окуган студенттери катышып, кыргызча ырларды көркөм окушту.

Шаардагы эс алуу багында өткөн акция кыргыз тилин даңазалоого багытталып, аймакта жашаган башка улуттарды да ынтымакка, биримдикке чакыруу милдети коюлганын облакимчиликтен билдиришти.

21-февраль – Эне тил күнү деп 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилген. Ал эми мамлекеттик тил, кыргыз тили күнү 23-сентябрда белгиленет. (AlS)

XS
SM
MD
LG