Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Тγркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 13-майда Бакуда президент Илхам Алиев менен жолугушуп, Тоолуу Карабак жаңжалы боюнча расмий Анкара Азербайжанды колдорун билдирди. Бул бир жагынан Баку-Анкара мамилесин кайрадан кадимкидей нукка салганы менен, ошол эле кезде Түркиянын Армения менен мамилелерди жөнгө салуу аракеттерине тоскоол болот шекилдγγ.


13-майда министр Эрдоган Бакуда Азербайжандын Улуттук мажилисинде сөз сүйлөп, андан кийин президент Алиев менен сγйлөшγγсγнөн кийин маалымат жыйынына катышты. Эрдоган Түркия менен Азербайжандын ортосундагы бир туугандык мамилелерге басым жасоо менен, кийинки аралыкта Тγркиянын Армения менен чек арасын ача турганы тууралуу кабарларга нааразы Бакунун көңγлγн алды. Тγркия менен Азербайжан калкы бирге сγйγнγп, бирге кайгырганын, керек болгондо бирге согушканын белгилеген Эрдоган буларды айтты:

- Түркиянын куруучусу Мустафа Кемал Ататγрк 1920-жылдары Азербайжан большевиктердин колуна тγшкөндө айткан өңдγγ “Азербайжандын кайгысы - биздин кайгыбыз, Азербайжандын бакубаттуулугу - биздин бакубаттуулугубуз”.

Эрдогандын сөздөрүн азери депутаттар кол чабуулар менен кабыл алып турушту. Эрдоган азери акын Бахтыяр Вахапзаденин ыр-саптарын да кайталады:

- Динибиз бир, тилибиз бир, айыбыз бир, элибиз бир, ышкыбыз бир, жолубуз бир.. Азербайжан-Тγркия - бир улут эки дөөлөт, бирдей максат бирдей нийет.

Эрдоган бир тууган эки өлкөнγн мамилесинин өзгөчө касиетин бγт дγйнө жакшы билерин, улуттар аралык коомчулукта бул эки өлкөнγн бирин-бири колдоп чыгуусу баштапкы максат экенин кошумчалады.

Өкмөт башчы Эрдоган президент Алиев менен бирге уюштурулган маалымат жыйынында Түркия Армения менен чек араларын ача турганы тууралуу кабарларды төгγндөдγ.

- Тγркия менен Армениянын чегаралары качан жабылды? Качан Тоолуу Карабакка армяндар басып кирди, ошондон кийин эшиктер жабылды. Демек бул бир себеп-натыйжа маселеси. Качан оккупация аяктаса, ошондо гана чек аралар ачыла алат.

Белгилγγ болгондой өткөн айда Тγркия менен Армениянын ортосунда жγргγзγлγп келаткан сγйлөшγγлөрдөтараптар мунасага жетишкени, мамилелерди оңдоо маселеси боюнча бир жол картасы γстγндө келишилгени жарыяланды. Ошондон кийин Армениядагы бир интернет баракчасында ‘Тγркия жакын арада Армения менен болгон чек арасын ачкан жатат’ деген маалымат таратылып бул - расмий Бакуну абдан нааразы кылган эле.

Тасмада: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

XS
SM
MD
LG