Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

УКМК: Текебаевге тыныгуу жана тамактанууга убакыт берилүүдө


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

УКМК Өмүрбек Текебаевдин адвокатынын айткандарын жана "Ата Мекен" фракциясынын билдирүүлөрүн четке кагууда. Мекеменин маалымат кызматы азыр тараткан билдирүүдө тергөө амалдары адвокат Чынара Жакупбекованын жана догдурдун катышуусунда өткөнү, Өмүрбек Текебаевге тыныгууга жана тамактанууга мыйзамда каралган убакыт берилгени айтылат.

Жакупбекова 26-февралда Текебаевди камоо тууралуу протокол адвокаты жок түзүлгөнүн билдирип, муну одоно мыйзам бузуу деп атаган.

“Ата Мекен” партиясынын билдиришинче, Өмүрбек Текебаевди кармагандан бери 17 сааттан ашык тамактандырышкан эмес. "Адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияга ылайык, кармалган адамга тамак бербөө психологиялык басым катары саналып, кыйноого барабар" деп айтылат билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG