Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Үрүмчүдөгү кандуу калаба Түркиянын тынчсыздануусун жаратты


Кытайдын Шинжаң автономиялык районунда уйгурлар менен ханзу кытайлардын ортосундагы араздашуулар жана Кытай бийлигинин уйгурларга карата жасаган мамилеси Түркияда терең тынчсызданууну жаратып, өлкөнүн ири шаарларында уйгурларга колдоо билдирүү максатында демонстрациялар өттү.

Кытайдын Шинжаң районунда орун алган башаламандыктар маалында жүздөн ашуун уйгурдун набыт болгону жана Кытай бийлигинин бул үчүн уйгур жикчилерин айыпташы тууралуу кабарлар расмий Анкараны нааразылыгын жаратты. Демейде Кытай менен мамилелерди бузбоо үчүн түрк бийлиги уйгур маселесине көп кийилигишкен эмес.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын массалык маалымат каражаттары Үрүмчү жана Кашгардан түшкөн кабарлар менен тынбай бөлүшүп, сыналгы каналдарда уйгурлардын жакын жана көөнө тарыхы тууралуу даректүү тасмалар кайра-кайра көрсөтүлүп жатат. Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кытай бийлигин уйгурларга каршы зомбулукту токтотууга чакыруусу Түркиядагы Уйгур коом жана диаспоралары тарабынан канааттануу менен кабыл алынып, жергиликтүү басма сөздөр өкмөт башчыга колдоо билдиришти.

“Түркия 2009-2010-жылга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү. Адамкерчиликтин атынан бизге жүктөлгөн озуйпалар бар. Биз Коопсуздук кеңешинде уйгур маселесин көтөрүп чыгууга тийиишпиз” деди өкмөт башчы Эрдоган.

Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу 8-июлда Кытай бийлигин Шинжаңдагы этностор аралык араздашууларды токтотууда сабырдуулукка чакырды жана расмий Анкара уйгурлардын тагдырына кайдыгер мамиле жасай албастыгын билдирди.

НТВ жеке сыналгы каналы эл ичинде “Уйгурлардын апасы” деп аталып калган Уйгурлардын дүйнөлүк курултайынын төрайымы Рабия Кадыр менен маекти обого чыгарды. Төрт жылдан бери АКШда сүргүндө жүргөн Рабия Кадыр 2006-2007-жылдары эки жолу Түркиядан виза сураган, бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Үрүмчүлүк Рабия айым буларды айтат:

- Бул окуялар уйгурлардын кытайлар менен биргеликте жашай албай турганын тастыктады. Үрүмчүдө 5-июлда тынч нааразылык акциясына чыккан аялдар, балдар жана жаштар полиция тарабынан ур-токмокко алынган. Кытай өкмөтү тополоң үчүн жоопкерчиликти Уйгурлардын дүйнөлүк курултайына жүктөдү.

Рабия Кадыр Кытайдын өтүнүчү менен Түркия 2006-2007-жылдары ага эки жолу виза бербей койгонун билдирди. Маек обого чыгары менен расмий Анкара жооп кайтарды. 9-июлда өкмөт башчы Эрдоган маалымат жыйынын өткөрүп, Рабия айым кайрылса эле ага виза бериле турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG