Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Соттун чечими бийликке да, опппозицияга да жаккан жок


Түркиянын Конституциялык Соту Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын айрым беренелерин четке какты. Соттун 7-июлда чыгарган бул чечими бийликтеги партияны да, оппозициядагы партияларды да канааттандырган жок.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү маселеси 12-сентябрда жалпы элдик добушка коюлат. Конституциялык сотту жана Судялар менен прокурорлор Жогорку кеңешин кайрадан курууга багытталган эки беренени Конституциялык Сот жокко чыгарды. Соттун бул чечими бийлик партиясы тарабынан “ыйгарым укуктарынан аша чапкандык” катары сынга алынса, оппозиция аны жетишсиз чара катары баалады.

Соттор жана прокурорлор Жогорку кеңешинин төрагасынын орун басары Кадир Өзбек Конституциялык Соттун чечими тууралуу журналисттерге буларды айтты:

- Кеңешибиз Конституциялык Соттун чечимин азырынча карап чыккан жок. Бирок мен күткөн нерселерге жооп бере албайт. Конституциялык Соттун чечими менен эч нерсе алмашкан жок деген пикирдемин. Аталган беренелерди жокко чыгаргандай болуп, иш жүзүндө дегеле жокко чыгарышпады. Текке кеткен убакытка убал болду. Мунун натыйжасын келечекте баарыбыз көрөбүз.

Бийликтеги АК партиянын төрагасынын орун басары Хүсейин Челик Конституциялык Сотту саясатка аралашкан деп айыптады:

- Конституциялык Сот өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен ашып кеткен. Бул Түркиядагы жогорку соттордун бири болуп эсептелет. Мыйзам башкарган мамлекетти адегенде Конституциялык Сот сакташы керек. Бул соңку чечими менен Сот юридикалык эмес, саясий чечим чыгарды. Парламенттин эркин өзүнө оодарып алып, мыйзамды бузду. Биз Конституциялык Соттун чечимин туура эмес деп эсептейбиз.

Эки беренеси жокко чыгарылганы менен 26 беренеден турган “Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзам 12-сентябрда референдумга коюлат. Баш мыйзамдын өзгөртүлүшү деле сунуш кылына албай турган беренелерин да камтыгандыктан, аны жокко чыгаруу талабы менен оппозициядагы ЖКП партиясы Конституциялык Сотко кайрылган эле. ЖКПнын төрагасы Кемал Кылычтароглу да соттун чечимин колдогон жок:

- Биз соттун чечимдеринин даттанууга жатпай турганына ишенип келген партиябыз. Тарыхка кылчайып карасак, саясатташкан сот коомго оор түйшүктөрдү алып келгенин көрөбүз. Судия отурган оруну үчүн акысын берүүсү жана ал чыгарган чечимдердин коомдун аң сезиминде туура деп кабыл алынышы шарт. Конституциялык Соттун кийинки чечими бизди толук ынандырган жок. Эки берене жокко чыгарылгандан кийин да бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмака туудурулган коркунуч сакталып кала берүүдө. Башкы прокурор бул мыйзам менен юстиция министринин көзөмөлүнө кирип кетмек.

Кемал Кылычтароглу анын партиясы референдумда бул мыйзамга каршы добуш бере турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG