Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Түркия: Чуулгандуу сот иши көпкө созулушу ыктымал


20-июлда Түркиянын Стамбул шаарында мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет жасаган деп айыпталгандардын үстүнөн сот жараянынын экинчи толкуну башталды. Айыпталгандардын арасында генералдар, журналисттер жана академиктер бар.

“Эргенокон” аттуу сот жараянында 52 айыпкер жөнүндө 1452 барактан турган айып корутунду Стамбулдун Жогорку кылмыш сотуна жиберилди.

2007-жылдын июнь айында Стамбулдагы жашыруун бир үйдө көп санда курал-жарак жана жарылуучу заттар табылган. Ошондон кийин өлкө тарыхындагы эң көлөмдүү тергөө жана сот жүрүшүндө “өкмөттү кулатуу үчүн кутум даярдады” деп шектелген генералдар, журналисттер жана таанымал коомдук ишмерлер камакка алынды.

Аларга “террордук уюм түзүп, түрк өкмөтүн кулатууга, же анын милдетин аткаруусуна жолто болууга жана парламентти таркатууга аракеттенген, жарылгыч зат алып жүргөн” деген айыптар тагылууда.

Бул сот боюнча Түркияда коомдук пикир экиге бөлүндү. Өлкө аскерлердин күчтүү таасиринен чыкса заманбап мамлекет болооруна ишенгендер сот жараянына колдоо билдиришүүдө. Айрымдары болсо, бул иш исламчыл маанайдагы “АК” партиясынын, өлкөнүн секуляризм принциптерине негизделген системасын алмаштырып, шарыятты орнотууга болгон тымызын максаттын бир бөлөгү болуп жүрбөсүн деп кооптонушат.

Өткөн жылы анти-секулярдык иш-аракеттердин очогуна айланды деп башкаруудагы “АК” партияны сотко жообуна тарткан Конституциялык соттун төрагасынын орунбасары Осман Паксүттүн аялы Ферда Аксүт, шектүү киши катары 20-июлда суракка алынды. Ферда Аксүт сот залынан чыккандан кийин журналисттерге буларды айтты:

- Бул иштин чындыгы адилет сот жараянынын натыйжасында ортого чыгаарына ишенем. Мен коркпойм, анткени мен Түркиянын адилетине толук ишенем.

Бирок коомдо “сот кайрадан өкмөттүн кысымына кабылат. Бул жараяндан адилет натыйжа чыкпайт” деген ойлор да арбын. Мындай өектенүүлөргө бөгөт коюу үчүн 20-июлда Стамбулдун прокуратурасы билдирүү жасады. Анда “тергөө иштери прокуратуранын төрагасынын орунбасарынын жетекчилигинде мамлекеттик прокурорлор тарабынан жүргүзүлүп жатат” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG