Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

19-январда Барак Обама АКШ президенти кызматында акыркы күн иштеди


Барак Обама.
Барак Обама.

Бул күнү Обаманын администрациясы 49 документти ачыкка чыгарды. Алар 2011-жылы Пакистанда атайын аскерий операция учурунда Усама Бен Ладен өлгөн күнү алынган. Негизинен “Аль-Каиданын” Ирактагы бөлүмү менен уюм лидеринин пикир келишпестиктери тууралуу документтер ачыкталды. Бул пикир келишпестиктен улам кийинчерээк террордук “ИМ” тобу жаралган.

19-январда Обаманын буйругу менен “ИМ” тобунун Ливиядагы жана Сириядагы лагерлерине абадан сокку урулду. Пентагондун маалыматы боюнча, Ливияда 80ден ашуун согушкер жок кылынып, Сирияда “ИМ” тобунун талаа командири Мухаммед Буссадун жок кылынды.

Мындан тышкары акыркы иш күнүндө Барак Обама Гуантанамо түрмөсүн жабууга каршы чыккан республикачы конгрессмендерди сынга алды. Мурдараак Обама 330 кишинин абак мөөнөтүн кыскарткан.

Обама АКШ президенти катары акыркы эл аралык ишин немис канцлери Ангела Меркел жана анын жубайы, профессор Иоахим Зауэрге телефон чалуу менен жыйынтыктады. Барак жана Мишель Обама аларга АКШ менен Германиянын мамилесин бекемдөөсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтышты.

XS
SM
MD
LG