Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы күч кызматкерлерине кайрылды


УКМК алдындагы жыйын.
УКМК алдындагы жыйын.

Кайрылууда прокуратура, милиция, коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн саясаттан алыс болууга жана бардык аракетин мыйзам боюнча гана жасоого чакырык айтылган. Мындан тышкары кайрылуу ээлери күч кызматкерлерин ыдык көрсөтүүдөн, зордук-зомбулуктан алыс болуп, мыйзамсыз буйруктарды аткарбоого үндөшкөн.

“Андай болбосо силердин ар бириңер азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана ички иштер министри Улан Исраилов сыяктуу жоопко тартыласыңар. 2010-жылдын 7-апрелин эсиңерден чыгарбагыла. Жетекчилер силерге жазуу түрүндө буйрук беришин талап кылгыла”, деп жазылган кайрылууда.

2005-жылы мартта, 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккандар менен кагылышта милиция кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарын тарттырып, жаракат алгандар көп болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG