Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Түркия Европанын сынына кабылды


Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган

Түрк бийлигинин Даниянын мурдагы өкмөт башчысы Расмуссендин НАТОнун баш катчылыгына дайындалуусуна көңүлсүз макул болушунан улам өзүнө карата айтылган сын пикирлер менен макул эмес.

НАТОнун Страссбург шаарында өткөн саммитте уюмдун кийинки баш катчылыгына сунуш кылынган даниялык Расмуссенге, мындан 4 жылдай илгери, пайгамбар Мухамедди мазактаган сүрөттөргө кийлигишпегендиги жана күрт жикчилдердин Данияда обого чыккан “Рож” сыналгысына каршы чара көрбөгөндүгү үчүн нааразылыгын билдирип, америкалык президент Обаманын арачылыгы менен көңүлсүз да болсо макулдук берген Түркия Европадагы шериктеринин кескин сынына кабылды.

Евробиримдиктин кеңейүү маселелери боюнча жооптуу өкүлү Оллие Рейн жана Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер расмий Анкаранын Расмуссенге каршылык көрсөтүүсүн Түркиянын Биримдик менен болгон мамилелерине терс таасирин алып келүүчү жорук катары баалашты. Барак Обаманын саммит учурунда Түркиянын Биримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө толук колдоосун билдирүүсү да Франция менен Германиянын жетекчилерине анча жакпады.

НАТОнун Страсбургдагы саммитинде Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган даниялык талапкер Расмуссенге өкмөтүнүн эмне үчүн каршы болгонун чечмеледи:

- Менин өлкөмдө террордук уюм деп табылган органдын сыналгысы Даниядан обого чыгууда. Мен төрт жыл мурда Расмуссенге далилдер менен кайрылдым, натыйжа чыкпады. Карикатура кризиси тууралуу кайрылып, абалды кандай басарыбызды кеңешели деп сурандым - жооп берген жок.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл Лондондо чыкчу Financial Times гезити менен болгон маегинде өкмөт башчынын турумун колдогон:

- Улуттар аралык маселелерде Түркияда бийлик бутактарынын бирдиктүү көз карашы гана боло алат. Бул жерде белгилей кетким келет - биз үчүн НАТОнун күчтүү болушу башкы мааниге ээ.

Түркиянын тышкы саясатына карата айтылган сын пикирлердин кооптуу болгонун баса көрсөтүп, Абдулла Гүл НАТОнун коопсуздугуна каршы жаралуучу айрым коркунучтарга каршы зарыл болгон кызматташтыкка жолтоо болушу ыктымал экенин эскерткен.

- Биз эч кимди коркутуп, болбогон талаптарды койгон жокпуз. Биз акыл-эстүүлүктүн, логиканын жана Европа маданиятынын башкы байманаларынан саналган мунаса табуу жолу менен аракет кылдык. Түркия 1952-жылдан бери НАТОнун активдүү мүчөсү жана кансыз согуш жылдарында Түркия өзүнүн ресурстарын Европанын коргонуусу үчүн аябай чыгымдады. Муну туура түшүнүшүңүз керек.

XS
SM
MD
LG