Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Түркияда чочко ылаңы жайылууда


Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жалпы өлкө боюнча эпидемияга каршы өнөктүк баштады. Бирок ‘Тамифлю” менен дарылануунун натыйжалуулугу тууралуу эл ичинде жана өкмөттө пикирлер эки ача.

Түркияда чочко ылаңынан акыркы тогуз күндүн ичинде тогуз киши набыт болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, ушул тапка чейин 32 киши H1N1 вирусу менен катталып, ооруканага жаткырылган.

Түркияда чочко ылаңы алгачкы жолу 15-майда катталган. Ошондон бери бул вирусту жуктуруп алды деген шек менен 1870 киши медициналык текшерүүдөн өттү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги чочко ылаңынын белгилерин өзүндө байкаган кишилердин бардыгын текшерүүдөн өтүүнү талап кылды. Министр Режеп Акдаг өзү баш болуп “Тамифлю” дарысын колдонду. Бул дарынын таасири туурасында коомдо түрдүү түкшүмөл пикирлер айтылууда. Айрымдар чочко ылаңынын жайылышына фармакологиялык фирмалардын тийешеси бар деген ойлорун билдиришти.

Министр Режеп Акдаг мындай пикирлерди четке какты:

- Көптөгөн абройлуу илимий комитеттердин текшерүүсүнөн өткөн бул дары - ишенимдүү. Ошондуктан коомчулукта айтылган ар түрдүү жоромолдорго ишеним артаардан мурда, министрликтин билдирүүлөрүнө кулак салыңыздар. Бул ушак-айыңдарды өз кызыкчылыгын көздөп, коомчулуктун башын айландырып, өздөрүн калкка көрсөтүп калууга аракет кылган бир-эки саясатчы жана ошондой эле окумуштуулар таратууда.

3-ноябрда “АК” партиясынын парламенттеги фракциясынын жыйынында өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган болсо буларды айткан:

- “Тамифлю” дарысына келгенде, бул маселеде Саламаттыкты сактоо министринин пикири менен макул эмесмин. Эч кимди мажбурлай албайбыз. Эгерде ар ким өз ыктыяры менен бул дарыны колдонгусу келсе, анда бир жөн. Эгерде каалабаса, анда “сөзсүз даарыланасың” деп күчкө салып, ооруканага жаткыруу туура эмес.

Түркияда чочко ылаңынан улам ондогон шаарларда мектептер жабылды. Бардык коомдук жайларда, мекемелерде дезинфекциялоо жумуштары жүрүп жатат. Ошол эле кезде Түркия 40 миллионго жакын “Тамифлю” дарысын заказ кылып, анын алгачкы бөлүгү 3-ноябрда таратылып баштады.

Кыргызстанда да 7 киши чочко ылаңына чалдыкканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан 4-ноябрда кабарлашты. Маалыматка караганда, Москва-Бишкек поезди менен келген 10 кишинин тумоолоп калганы айкындалып, алардын бардыгы ооруканага жаткырылган. Текшерүүдө 7 кишиге чочко тумоосу жукканы аныкталды. Алардын баары ооруканга жаткырылып, учурда дарылоо иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин Кыргызстанда төрт кишиге чочко тумоосу жукканы аныкталып, алар дарыланып чыккан эле.
XS
SM
MD
LG