Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

"Видеочатак" түркиялык "Гандини" ЭРПнын башына алып келди


Кемал Кылычдароглу Элдик республикалык партиянын курултайында сүйлөөдө. Анкара. 22-май 2010
Кемал Кылычдароглу Элдик республикалык партиянын курултайында сүйлөөдө. Анкара. 22-май 2010

Түркияда Мустафа Кемал Ататүрк 1923-жылы 29-октябрда негиздеген Элдик республикалык партия-ЭРПнын лидери алмашты.

72 жаштагы Байкал мурдакы жардамчысы менен төшөк бөлүшкөнү тууралуу видеотасма жарыяланган соң, 10-майда аргасыздан отставкага кеткен эле. Өлкөдөгү негизги оппозициялык партиянын 22-майда өткөн 33-курултайы басымдуу көпчүлүк добуш менен Кемал Кылычдароглуну өз көсөмү кылып шайлады. Кылычдароглу үчүн 1249 делегаттын 1184тү добуш берди.

Деңиз Байкал видеотасмага байланыштуу ЭРПнын төрагалынан кеткенден кийин журналисттерге түшүндүрмө берүүдө. Анкара. 10-май 2010


Кылычдароглу премьер-министр Эрдоганга "Режеп мырза" деп кайрылды

Элдик республикалык партиянын 7-лидери Кемал Кылычдароглу жоош пейил мүнөзү үчүн Түркиянын “Махатма Гандиси” деген лакап атка конгон. Ал 1999-жылы саясатка биротоло оогонго чейин финансы жана социалдык камсыздоо тармагында өтө жооптуу кызматтарда иштеген. Акыркы сегиз жылда парламент мүчөсү. Кылычдароглу ашкере кылып, бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын мартабалуу эки өкүлү кызматтан кеткен. 62 жаштагы Кылычдароглу программалык сөзүндө да премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды “Режеп мырза” деп, өзүнөн жаш экенине ишаара кылды жана Эрдогандын партиясын коштогон коррупцияга жана жакырчылыкка каршы күрөшөөрүн баса белгиледи.

Ыстамбулдук саясат талдоочу Сули Озелдин сөзүнчө, Кылычдароглунун ЭРПнын башына келиши Эрдогандын партиялаштарына жакпаганы анык:

- Бу кабар азыр өкмөттү чый-пыйга салганы талашсыз. Адилеттик жана өнүгүү партиясы көп маселелерди чече албады, узак жыл бийликте отуруп, башкалардын кызыкчылыгы менен эсептешпей калды. Мындан эл тажады. Ошон үчүн эл ичинде өлкөнүн өзгөрүүсүн талап кылган көз караш күч алууда деп ойлом.

ЭРП 1992-жылы Деңиз Байкалдын жетеги астына өткөндөн тарта социалдык-демократиялык багытынан тайып, ашыкча улутчул, этникалык азчылыктардын көйгөйлөрүнө этибар бербеген ак сөөктөрдүн партиясына айланган. ЭРПнын мүчөсү Бедри Байкамдын айтышынча:

- Деңиз Байкал отставкага кеткен, партиянын ишинен четте калып, саясатты калтырган жана башка партияларга өтүп адамдар жөнүндө ойлогон эмес. Атүгүл Элдик республикалык партиядан куулгандар болду. Ошол адамдардын баары Кылычдароглунун демилгеси менен кайра келүүдө.


Байкал саясатты калтырбайт

Деңиз Байкалда саясатты калтыруу ниети жок. “Саясатты жасоо үчүн сөзсүз партиянын лидери болуунун зарылдыгы жок. Менин иш ордум гана алмашты. Мен саясатка катыша берем”, деди Байкал TNK телеканаланыа берген соңку интервьюларынын биринде. Карт саясатчынын берегидей сөзү байкалчылар дале ЭРПда өз таасирин жогото элек деген чочулоону күчөттү. Бул жөнүндө Бедри Байкам мындай дейт:

- Деңиз Байкал ЭРПга болгон кызыгуунун жана партияны колдоочулардын өсүүсү анын төрагалыктан кеткенине байланыштуу эмес деп элди ишендирүүгө аракет кылууда. Ал көпчүлүк калкты партия өз жолу менен баратат деп ишендирүүгө далалат кылууда. А чындыгында ал отставкага кетип, ЭРПнын баркы көтөрүлдү.

Байкал төрагалыктан кеткенден кийин ЭРПнын популярдуулугу 34 процентке өскөн. Талдоочулар Кемал Кылычдароглу өлкөдөгү эң эски партиянын кадыр-баркын мурдакы калыбына келтирип, анын саясатын да кескин өзгөртүшү зарыл экенин айтышат.

XS
SM
MD
LG