Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

24-майда уран алмашуу тууралуу Иран, Түркия жана Бразилиянын ортосунда кол коюлган келишим Батышта ар кандай пикирлерди пайда кылды. Бул келишим Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы чуудан чыгууга шарт түзө алабы же Түркия менен Батыштын ортосуна от салып, Анкараны ыңгайсыз абалга кептейби? Бул суроо учурда күн тартибинде турат.

Ирандын өзөктүк программасынын тегерегинде түзүлгөн эл аралык кризисти жөнгө салуу максатында Бразилия менен Түркия демилге көтөрүп, ушул аптанын башында Иран менен уран алмашуу тууралуу бир келишимге кол коюшту. Бул келишимдин алкагында Тегеран 1200 кг. байытылбаган уранды Түркияга жөнөтүп, анын ордуна байытылган уранды алууга макул болду.

Бирок түзүлгөн келишимге карабастан БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу 5 мүчө жана Германиядан турган топтун Иранга кошумча санкцияларды жарыялоо жөнүндөгү резолюциянын долбоорун Коопсуздук кеңешинде талкууга коюуну чечиши, Түркия, Бразилия жана Иранда да таң калуу менен кабыл алынды.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу маалымат жыйынында резолюциянын Коопсуздук кеңешинде талкууга коюлушуна өзүнүн мамилесин билдирди.

- Биз бул келишимди кошумча шек саноолор жаралсын деп түзгөн жокпуз. Келишим түзүлгөнүнө карабастан санкциялар жөнүндө сүйлөшсө, анда бизди эмне үчүн убара кылышты? Биз кол койгон келишимдин тексти үтүрүнө чейин талкууланып, абдан кылдаттык менен иштелип чыкты. Бардыгын бул текстти туура окууга чакырабыз.

Келишимдин текстинде “Иран уранды байытуу иштерин токтотсун” деген шарт камтылбаганы сынга алынгана карата министр Давутоглу буларды айтты:

- Бул жерде жасалууга тийиш болгон нерсе – Ирандын өзөктүк программасынын келечеги тууралуу тараптардын ак нийет менен сүйлөшүүсү. Түркия менен Бразилия да ага катышып, уран байытуу маселесиндеги өз пикирибизди билдире алабыз.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган АКШ президенти Барак Обама, Британиянын өкмөт башчысы Давид Кэмерон жана Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, келишим тууралуу маалымат берди.

Түркия менен Бразилия БУУнун Коопсуздук кеңешине биргелеше кат жиберип, санкциялардан мурда дипломатиялык иш-аракеттерге мүмкүнчүлүк берүүгө үндөштү.

БУУнун Сомали тууралуу Стамбулда өткөн конференцияга катышкан уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун уран алмашуу жөнүндөгү келишимге колдоосун билдирди. Баш катчы Түркия менен Бразилиянын аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн келишим Ирандын өзөктүк программасынын тегерегинде пайда болгон эл аралык чалкеш кырдаалдын жөнгө салынуусунун жолун ачып берээрине үмүт артканын кошумчалады.

Америкалык басылмалар келишимди “Ирандын Түркияны сызга отургузуусу” катары баалашты. Иран эгерде Коопсуздук кеңешине туруктуу 5 мүчө жана Германия кошумча санкцияларды бекиткен абалда, уран алмашуу келишими күчүнөн кете турганын жарыялады.

Айтор 24-майда кол коюлган келишим бир чети Түркиянын эл аралык майдандагы аброюн көтөргөндөй болсо да, ошол эле маалда Анкара менен Батыштын ортосуна от койгон маселеге айланып калышы да ажеп эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG