Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Түркия-Ирак: “Мамилелер жөнгө салынышы керек”


Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана Ирактын лидери Жалал Талабани
Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана Ирактын лидери Жалал Талабани

Түркиянын президенти Абдулла Гүл эки күндүк иш сапар менен Иракта болуп кайтты. Ирак менен мамилелерди жөнгө салуу максатын көздөгөн бул сапар 33 жылдан берки Иракка болгон алгачкы президенттик саякат болду.

Президент Абдулла Гүл Багдад калаасынын түндүгүндөгү Дияла ооданында 25 кишинин өмүрүн алган жанкечтинин чабуулунун тушунда ырасмий сапар менен Иракка келди. Багдадда Гүл мырза Ирактын президенти Жалал Талабани, премьер-министр Нури ал-Малики, түндүктөгү жергиликтүү күрт өкмөтүнүн башчысы Нечирван Барзани жана Ирактагы түркмөндөрдүн жетекчилери менен жолугушту.

Гүлдүн Ирак жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда ПКК жикчи уюмуна каршы күрөш жана Түркия менен Ирактын ортосундагы экономикалык кызматташтык болду. Президент Гүл түндүктөгү жергиликтүү күрт башкаруунун атын алгачкы ирээт “Күрдстан жергиликтүү өкмөтү” деп атоо менен расмий Анкара Ирактын түндүгүндөгү күрддөр менен дагы мамилелерди жөнгө салууну көздөгөнүн кыйытты.

Гүл саякатынын алгачкы күнүндө Ирак президенти Жалал Талабани менен жолугушту. Жолугушуудан кийин басма сөз жыйыны уюштурулуп, президент Абдулла Гүл ПКК менен күрөшүүдө түндүк Ирактагы жергиликтүү күрт башкаруунун кызматташтыгы чоң мааниге экенине басым жасады.

- ПКК террордук уюмунун жетекчилери жана лагерлери орун алган аймакка жооптуу кишилерге көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлөт. Бул тууралуу мен ар кимдин ак нийеттүү экенине ишенем.

Абдулла Гүл муну менен жергиликтүү күрт башкаруунун дарегине эскертүү жасады. Ирак президенти Талабани болсо өз учурунда айткан сөзүндө ПКК тууралуу расмий Анкаранын турумун колдоп чыкты. “ПКК же куралдуу күрөшүн ташташы керек, же болбосо өлкөдөн чыгып кетиши керек”,-деди Талабани.

Абдулла Гүл сапарынын экинчи күнүндө Ирактын түндүгүндөгү күрт өкмөтүнүн башчысы Нечирван Барзани менен жолукту. Барзани жолугушуу учурунда, ПККга карата жарыялануучу бир мунапыс маселенин чечилүүсүнө зор үлүш кошорун далилдесе, президент Гүл “мунапыс маселеси биздин ички ишибиз, аны эч ким менен сүйлөшпөйм” деген жообун кайтарды.

Президент Гүл Ирактагы түркмөндөрдүн лидерлери менен да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң сапарын карытып кечээ Түркияга кайтып келди. Анкарада президент Ирак саякатына баа берди:

- ПКК жоюлгандан кийин эки ара мамилелердин өнүгүүсүнүн алдында эч кандай бөгөт калбайт” деп билдирди. - Ирак өз жолун дурус улантышы керек. Эгерде дурус кадам баса албаса, анда маселелер ырбап, абал оорлошуп кетет. Түркия Иракты бардык күчү менен колдойт. Менин эки күндүк саякатым абдан жемиштүү болду.

XS
SM
MD
LG