Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:31

Түркия-Израил: мамилелер сууктап баратат


"Өз элимдин талабын таңазар албай койгонго менин акым жок",-деп айтты премьер Эрдоган аскер-аба күчтөрүнүн машыгууларына Израилдин катышуусуна каршы чыккан чечимин түшүндүрүп.

"Өз элимдин талабын таңазар албай койгонго менин акым жок",-деп айтты премьер Эрдоган аскер-аба күчтөрүнүн машыгууларына Израилдин катышуусуна каршы чыккан чечимин түшүндүрүп.

Жакында Анкара өкмөтү НАТОнун Түркияда ушул аптада баштала турган аскер-аба машыгууларына катышканга Израилге уруксат бербей койду. Ушундан улам пландалган бул иш белгисиз мөөнөткө калтырылды.

Аскер-аба күчтөрүнүн пландуу машыгуулары 12-октябрда башталып, он күнгө созулмак. Ага адаттагыдай эле Израил да катышмак. Бирок машыгуулар жуп башталарга жакын калганда капыстан эле Анкара өкмөтү Израилдин аскери авиациясын өлкөнүн аба мейкиндигине киргизбей турганын жарыялады.

"Ар кандай саясий администрацияга өз элинин ой-пикирин эске алууга туура келет,бу айныбас зарылдык. Андыктан менин да өз элимдин талабын таңазар албай койгонго акым жок",-деп түшүндүрдү өкмөттүн чечимин премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган.

Эбактан бери союздаш болуп жүрүшкөн Түркия менен Израилдин мамилеси соңку бир жыл ичинде суук селки тартып кетти. Буга Израилдин Газа тилкесиндеги операциялары себепчи болду. Эрдоган буга ачыктан-ачык нааразылык билдирип,быйыл январда Давостогу экономикалык форумда Израил президенти Шимон Перес менен бирге отурганды эп көрбөй, жыйынды таштап Анкарага баса берген.

Байкоочулар менен эксперттер Анкаранын бул жолку чечиминен эки жышаанды көрүштү. Анын бирин Париждеги эл аралык мамилелер институтунун эксперти Дороте Шмид ушу тапта Түркияда улуттук жаңы көз караш калыптана баштаганы, түрк армиясы мурдагыдай өкмөткө саясий чечимдерди таңуулаганга алсыз болуп баратканы менен түшүндүрдү.

Британиядагы Кембриж университетинин профессору Жорж Иоффе Анкаранын чечимин аймактагы геосаясий өзгөрүштөрдүн белгиси катары мүнөздөдү. "Газадагы окуялар түрк өкмөтүн Израил менен тыгыз мамиледе боло албай турганына ынандырды. Ошондуктан ал Израилден акырындап кол үзгүсү келип жатат. Ички процесстерге келсек, өкмөт менен армиянын ортосундагы алакалар түп тамырынан болбосо да бир катар өңүттөрдө өзгөрө баштаганы калетсиз",-дейт ал.

Профессор Иоффенин баамында, эгер бул чечим чын эле Түркиянын ички иштери менен байланышкан маселе болсо, анда Израилге аскерий машыгууларга катышканга уруксат бербей, Анкара муну менен арап дүйнөсү, айрыкча коңшулаш Иран менен алакаларын жакшыртканга таасын ишаара кылып жатат. Израилдиктер үчүн бул кооптуу каңкуу болушу мүмкүн.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Маулем Анкаранын чечимин Газада Израил жасап жаткан иштерге Түркиянын мамилесин көрсөткөн кадам катары кубаттады.

Дамаскылык министрдин билдирүүсүн Израилде болсо Сириянын Жакынкы Чыгышта Иранды, Түркияны жана Иракты бириктирген жаңы блок түзүү далалаты жана ушул багыттагы аракет катары баалашты.

Эки күн мурда Түркиядагы өкмөттүк телеканалда Газадагы операциялар маалында тартылып алынган кадрлар көрсөтүлдү. Алардын биринде жөөт солдаты палестиналык жаш баланы атып өлтүрүп жаткан учуру камтылган. Буга байланыштуу Израилдин тышкы иштер министрлигине түрк элчиси чакыртылып, ага нааразылык нотасы тапшырылды.

"Азаттыктын" архивинен: Эрдоган Давос шеринесинен кетип калды

29-январда Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган Давосто Израил президенти Шимон Перес менен кайым айтышкан соң, форумдан кетип калды. Аны тарапкерлери баатыр катары тосуп алса, оппозициясы жана түрк интеллектуалдары жосунсуз жорук кылды деп айыптады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG