Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

12-сентябрда Түркияда референдум өтөт. Аны утурлай күрт тектүү саясатчылар автономия берүү талаптарын кайрадан кайталай баштады.

Мындан бир канча жыл мурда өз эне тилинде да сүйлөй албаган Түркиянын күрт тектүү атуулдары Евробиримдикке мүчө болуу жараянынын алкагында ишке ашкан реформалардын шарапаты менен бир топ эркиндиктерге ээ болду. Ушу тапта күрттөрдүн “Тынчтык жана Демократия” партиясынын парламентте 20 депутаты бар.

Айрым чөйрөлөр тарабынан жикчил Күрттөрдүн Жумушчулар партиясынын (ПКК) саясий канаты катары сыпатталган бул партия күрттөргө автономия маселесин камтыбаганын көрсөтүп, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу 12-сентябрда өтө турган референдумга бойкот жарыялады.

ПКК уюмун эсепке албаганда саясат майданында күрт саясатчылардын автономия өңдүү талаптарды коюусу мындан бир канча жыл илгерки мыйзамдарга ылайык, алардын бир нече жылга эркинен ажыратылышына себеп болчу. Бүгүнкү күндө алардын парламентте, расмий жыйындарда автономия тууралуу коюп жаткан талаптары түрк атуулдардын айрым катмарынын ичинде улутчулдук сезимдерин дүүлүктүргөнү менен аз да болсо массалык маалымат каражаттарында эркин талкуулана баштады.

27-августта “Хүрриет” гезитине маек курган күрттөрдүн “Тынчтык жана Демократия” партиясынын тең төрагасы Гүлтен Кышанак “күрт проблемасын чечүү үчүн учурда колдогу мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбаса Түркия курчуган этникалык тирешүүлөргө жана бара-бара жикке бөлүнүү коркунучуна келет” деп өкмөткө эскертүү берди. Күрттөрдүн лидерлеринин бири Ахмет Түрк өткөн аптада Диярбакыр шаарында өткөн “Демократиялуу коом” курултайында” автономия жөнүндөгү талаптарды кайталады:

- Күрттөргө автономия берүү – биз үчүн башкы максат. Автономия Түркияны жикке бөлүнүүгө эмес, жарандардын тынчтыкта жашоосуна гана алып барат.

Күрт саясатчылардын көкүрөгүндөгү максаттарын эркин айта баштоосу, серепчилердин пикиринде, демократиялуулуктун өңүтүнөн алып караганда оң мүнөздүү өзгөрүш. Мисалы, “Хүрриет” гезитинин баяндамачысы Фатих Чекир “коомчулук кабыл алабы же жокпу - ал башка сөз, биз эми мындай маселелерди эч жаңжалдашпай эле талкуулай алышыбыз керек” дейт. Бирок бул өзгөрүүлөр өлкөнүн армиясын тынчсыздандырбай койбоду. Өткөн аптада армиянын штабынын төрагалык кызматын өткөрүп алган генерал Хасан Кошанер буларды айтты:

- Жикчил террор жана сепаратисттик тенденциялар, күчөй баштаганы даана байкалып турат. Жеке пикир билдирүү эркиндигинин алкагында гана айтылышы керек болгон талаптар саясат майданына чыга баштады. Мамлекет менен соодалашкандай эле бул талаптар күн сайын бир кадам алдыга жылып жатат.

Хасан Кошанер Түркиянын куралдуу күчтөрү өлкөнүн унитардык түзүлүшүн, биримдүүлүгүн коргоо үчүн бүгүнкүгө чейин болгондой эле мындан ары да бардык күчү менен күрөшө турганын баяндады.
XS
SM
MD
LG