Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Барак Обаманын Түркияга сапары кеңири талкууга алынды


Обама Стамбулда студенттер алдында сүйлөөдө, 7-апрель, 2009-жыл

Обама Стамбулда студенттер алдында сүйлөөдө, 7-апрель, 2009-жыл

АКШнын президенти Барак Обама Түркияга иш сапарынын маалында эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртууну кааларын жашырган жок. Президент Обама ошол эле учурда, Түркия менен Евробиримдикти да мамилелерин жакшыртууга үндөдү.

Президент Барак Обама Түркияга тарыхый сапарын баштардын алдында эле, 5-апрелде Европанын лидерлерине кайрылып, мусулман дүйнөсү менен бекем мамилелерди түзүүнүн алгачкы кадамы иретинде Түркияны Евробиримдикке толук кандуу мүчө катары кабыл алууга үндөгөн:

- АКШ менен Европа мусулмандарга адилетсиздик жана зомбулук менен күрөшүбүздө биздин досубуз, кошунабыз жана өнөктөшүбүз катары карашы керек. Түркиянын Евробиримдикке толук кандуу мүчөлүгүн илгерилетүү - силердин бул турумуңарды кайра бекемдеп, биздин Түркияны Европанын ичинде сактап калуу мүдөөбүздү кепилдикке алар эле.

Бирок анын демейдеги Вашингтондун турумун кайра бекемдеген бул үндөөсү Евробиримдиктин эки ири мүчөсү - Германия жана Франциянын каршылыгына кабылды. Франциянын президенти Никола Саркози буларды айткан:

- Мен ар дайым Түркиянын мүчөлүгүнө каршы болуп келгенмин жана азыр деле каршымын. Евробиримдиктин маселелерин Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өзү чечиши керек.

Германиянын канцлери Ангела Меркел айым да Саркозинин сөздөрүн кубаттаган:

- Түркиянын Евробиримдик менен жакын мамилелерди түзүүсү - бардыгыбыздын таламдарыбызга төп келет. Бирок бул толук кандуу мүчөлүк аркылуу эмес, өзгөчө макамы бар өнөктөштүк аркылуу ишке ашышы керек.

Британиянын кадыр барктуу гезиттеринин бири “The Times” Саркозинин бул маселеде турумун сындаган макаласын жарыялады. Гезиттин 6-апрелдеги санында “Европанын тандоосу - Түркиянын тагдыры” деген баш сөз менен жарыяланган макалада, Обаманын Ислам динине байланыштуу оң мүнөздүү сөздөрүн Анкарада айтып отурганына көңүл бурулуп, “эгерде Саркози Түркиянын Евробиримдикке толук мүчөлүгүнө каршы болуп жатса, анда ал муну менен жашоону үйрөнгөнү оң” деген пикир билдирилген.

Лондондун “The Guardian” гезити да Обаманын турумун колдогон макаласында, америкалык президент “АКШ Ислам менен согуш абалында болбогонун жана болбой турганын ашкере жар салуусу аркылуу Түркиянын Мажилисинен мусулман дүйнөсүнө тынчтык колун узатты” делинип, Обаманын Түркияны Жакынкы Чыгыш саякатынын эмес, Европа саякатынын чеги ичинде зыярат кылуусу - Түркиянын келечеги Европада экенине анын берген ишарасы болгону бышыкталды.

“Independent” гезити да талкуудан кур калбай, “Европа Түркияга каалгасын жаап салбашы керек” деген макаласын жарыялады. Расмий Анкара али толук мүчөлүккө даяр эмес экенин ырастаган гезит “бирок Түркия өңдүү ири өлкө менен биримдик түзүүнүн алып келе турган пайдалары да чоң болот” деп көрсөттү.

Макалада андан ары, Түркиянын дээрлик көпчүлүгү мулайым багытта болгон мусулмандарынын алып келе турган таасирлери Британия жана Нидерландияда болгон өңдүү аша чапкан ысламчылдардын жикчил исламизми менен күрөшкө чоң үлүшүн кошо алары бышыкталып, “мүмкүн президент Обама, Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө Вашингтондун толук колдоосун билдире салышы анча сыпайы болбогондур, бирок бир нерсени жакшы билишибиз керек – Түркияга каалгаларды жаба салуу эч бир европалыктын таламдарына төп келбейт” деген пикир билдирилген.
XS
SM
MD
LG