Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Түрк өкмөтүнүн көп жылдардан бери чечилбей келаткан “күрт маселесин” чечүү максатында кабыл алган “демократиялык демилгеси” оппозиция тарабынан кескин сынга алынды.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл мартта Иракка иш сапары менен барар алдында “жакында “күрт маселесине” байланыштуу жакшы кадамдар жасалат. Кырдаал бул бойдон калбайт” деп сөздүн четин чыгарган.

Расмий Анкаранын “Демократиялык демилге” деп аталган жол картасы оппозициялык улутчул “Аракеттенүү” партиясынын сынына кабылды. Бирок өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү жикчил “Күрд жумушчулар” партиясынын жаралуусуна жана чейрек кылымдан бери аны менен күрөшүүдө 40 миң кишинин өмүрүнүн кыйылуусуна, өлкөнүн 100 миллиарддаган долларга тете ресурстарынын бөөдө сарпталышына алып келген бул маселени биротоло чечүүгө киришкен өңдүү.

10-августта Эрдоган жыйынында оппозицияны бул улуттук маселени чечүүдө өкмөт менен жапатырмак бирге иштөөгө чакырды.

- Түркия бүгүнкү күндө демократиянын шарапаты менен ээ болгон жетишкендиктерге мындан 10, 20 же 30 жыл илгери жетише алганда, өлкө бүгүн канчалык бийик макамда болот эле. Өлкө чейрек кылымдан бери убактысын террорчулар менен салгылашуулар, өзгөчө кырдаал абалда өткөрбөгөндө бүгүн кайсы жерде болот эле. Биздин көз карашыбыз, дүйнө таануубуз мындай бир маселени жаратууну, же аны көрмөксөнгө салып коюуну кабыл ала албайт. Чечим жолун торогонго аракеттенген көз караштагылар келечекте өлкө башынан өткөрүүсү ыктымал кайгылардын жоопкери болушат. Ошондуктан, келгиле, бул улуттук ынтымактуулук жана биримдүүлүк демилгесине ачык болгула. Бул демилгени биргелеше колдойлу.

Оппозициялык маанайдагы улутчул “Аракеттенүү” партиясынын лидери Девлет Бахчелинин Эрдогандын үндөөсүнө катуу жооп кайтарды:

- Түркияда улуттук биримдүүлүк сактап калуу маселеси бүгүнкү күндө олуттуу бир келечек маселесине айланып калды. “Улуттук бар болушубуздун баштапкы түркүгү болуп эсептелген “түрк улуту” деген туюнтманы жана бул жогорку баймананы калыптандырган маданий элементтерге бүлгүн салып уратууга чечкиндүү көрүнгөн өкмөттүн кийинки бул демилгеси аркылуу мамлекетти уратып жок кылууга каратылган иш-аракеттери жаңы бир этапка кадам таштаганы байкалып олтурат. Чечим, чара, жагымдуу учур деген кооз сөздөр менен өкмөт коомдук пикирди алдатууга тырышып, ал эми буга ишенгиси келбегендерди болсо кысымга алууга аракеттенүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG