Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Эрдоган эл аралык басма сөздү сынга алды


Түрк премьер-министри Режп Тайып Эрдоган
Түрк премьер-министри Режп Тайып Эрдоган

Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган өлкөдө мыйзамсыз жашаган армяндарды чыгарып жиберүү маселесинде эл аралык басма сөздү сынга алышы коомду жана саясат майданын дүрбөлөңгө салды.

Ансыз деле, айрым жергиликтүү басма сөз каражаттары тарабынан, медиада өзүнө каратылган сындоолорго чыдам көрсөтө албагандыкта айыпталып келген өкүмөт башчысы Р. Т. Эрдоган өлкөдө мыйзамсыз жашаган армян жарандары тууралуу айткан кийинки сөздөрү менен байланыштуу сын пикир билидирген жергиликтүү медиа каражаттары менен бир катарда бул жолу эл аралык басылмаларды дагы, “фактыларды бурмалагандыкта” айыптап, бул чырдашууда өзүнө жаңы бир фронт ачып алгандай көрүнөт.

Эрдоган Лондонго болгон кийинки сапарынын жүрүшүндө Би-Би-Синин түрк бөлүмү менен майектешип, мындай деди:

- Өлкөмдө 170 миң армян жашайт. Алардын ичинен 70 миңи бул өлкөгө мыйзамсыз кирип, мыйзамсыз иштеп жаткан Армениянын жарандары. Мен эртең керектүү деп тапсам, аларды айдап салам. Биз аларга бүгүнгө чейин көз жумуп, чыдамдуулук көрсөтүп келдик. Алар менин жарандрым эмес да...

Анын бул баяны адегенде жергиликтүү жана эл аралык басылмалардын көпчүлүгүндө сынга алынды. Сындардын улам күчөп баратканына көзү жеткен Эрдоган өзүн-өзү актоого киришти жана Лондондо айткан сөздөрүн чет элдик басылмалар бурмалап чагылдырганын билдирди.

Ал жума күнү партиясынын жыйынында айткан сөзүндө, өлкөдө мыйзамсыз жашаган 100 миң армяндын чыгарылып жиберилүүсү маселесин эл аралык басма сөз бурмалап, айткан сөздөрүнөн “мыйзамсыз” деген сөздү чыгарып чагылдырып жатышканын далилдеди.

-Тилеке каршы жергиликтүү жана эл аралык басылмалар мен айткан сүйлөмдү, “мыйзамсыз” деген сөздү чыгаруу менен чагылдырып жатышат. Мен өлкөдө жашаган азчылыктар жөнүндө айткан жокмун. Биздин азчылыктагыларга карата мамилебиз ар кимге белгилүү жана мен азчылыктар тарыхта кез-кез жасаган апааттарды жүрөктүүлүк менен тилге алган өлкөнүн алгачкы өкмөт башчысы экеними да эске сала кетким келет.

Мыйзамдардын чеги ичинде “жарандар” менен, өлкөдө мыйзамсыз жашаган кишилердин ортосундо чоң айырмачылык болоорун ошондой эле, Лондондо айткан сөздөрү менен, өлкөнүн жараны болгон армяндарды билдиргиси келбегенин кошумчалады.

- Өлкөмүн гезиттеринде жазган серепчилерге дагы эскертким келер эле. Сиздер кимдин адвокаттыгын кылып жатасыңар. Сиздер биринчиден өз мекениңердин адвокаттыгын жасашыңар керек эмеспи, - деп жаалданып ал: - Менден кечирим сурашымы талап кылгандарга да айта турган сөзүм бар. Биз кимден кечирим сурай турганыбызды эң сонун билебиз деди жана өткөн жекшембиде Стамбулдагы бир спорт сарайында өлкөдө жашаган 13 миң цыган менен болгон жолугушуусун эске салып, “мыйзамсыз мигрант жумушчулар менен бул өлкөнүн жараны цыгандарды теңештирбегиле. Цыгандар бул өлкөнүн чыныгы атуулдары болуп эсептелет. Эгерде алардын жарандык укуктары бузулган болсо, мен алардын алдында таазим кылып, кечирим сурайм”, - деп көрсөттү.

Ал канчалык өзүн акташ үчүн тырышпасын, өлкөдө анын айткан пикирине каршылык билдиргендердин саны өсүп баратат. Кийинкиси болуп, таанымал түрк жазуучусу, Ыссык-Көл шеринесинин мүчөсү Яшар Кемал кабарчылардын бул тууралуу суроосуно кайрылып, “иллегалдуу болсо дагы, антпегиле, убал болот” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG