Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Сириянын президенти Башар Асад эки күндүк иш сапар менен Түркияга келди. Сириянын лидери түрк жетекчилиги менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз болду.

Башар Асаддын Түркияга сапарынын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги Стратегиялык өнөктөштүк кеңешин түзүү тууралуу келишимге кол коюлду.

Түркия ушул аптада Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу чатакты жөнгө салууда арачы болууга даярдыгын билдирген. Анкара аймактык туруктуулукту бекемдөө максатында жүргүзгөн жаңы саясатынын алкагында бул жолу Сирия менен Ирактын ортосундагы кризисти жоюуга жана Сирия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга умтулууда.

Сириянын президенти Башар Асаддын Түркияга сапарынын алкагында тараптар өз ара кызматташтык жана жикчил Күрддөрдүн жумушчу партиясына каршы күрөш маселеси талкууланды.

Сириянын президенти Башар Асад Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда Стратегиялык кызматташтык кеңешин түзүү жөнүндөгү келишимге кол койулду. Келишимге кол койгон эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Валид Муаллим менен Ахмед Давутоглу маалымат жыйынын уюштуруп, Түркия менен Сириянын ортосунда виза режими алынып салынганын билдиришти.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу буларды айтты:

- Мен бир тууган Сирия калкына кайрылгым келет. Түркия силердин экинчи мекениңер жана түрк калкы силерден виза сурабастан, кучагын жайууда. Түркия менен Сириянын ортосундагы достук мамилелер аймакта жана эл аралык аренада үлгү болуучу кошуналык байланышка айланууда. Бул чечим эки тараптуу ишенимдүү мамилелердин белгиси боло алат.

Стамбул шаарында бийликчил “АК” партия тарабынан уюштурулган ифтар тамагына катышкан Сириянын президенти Башар Асад өткөн чакта кетирилген катачылыктарга токтолуп, буларды белгиледи:

- Мына Түркия менен Сириянын мамилелери абдан жакшы өнүгүп жатат. Эмне үчүн өткөндө биз буга жете албадык? Чоң дөөлөттөрдү сынга алыш оңой. Биз жоопкерчиликти өзүбүздөн издешибиз керек. Тирешүүлөрдүн учурунда орток таламдарыбызды көрө албадык.

17-сентябрда Стамбулда Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу жана Араб Лигасынын баш катчысы Амр Муса да жыйын өткөрүштү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG