Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Түркия: газ жыттанган саммит


7-июнда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азияда кызматташтык жана коопсуздукту чыңдоого арналган 3-саммитке катышуу максатында Түркиянын Стамбул шаарына келет. Алиевдин бул жердеги сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда отун-кубат маселеси болоору күтүлүүдө.

Азияда кызматташтык жана коопсуздукту чыңдоого арналган саммитти Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 1992- жылы негиздеген. Саммитке биринчилерден болуп Азербайжандын президенти Илхам Алиев келип, сапарынын жүрүшүндө Түркия менен “Шахдеңиз-1” жана “Шахдеңиз-2” газ кууру тууралуу келишимдерге кол коюусу күтүлөт.

Эки өлкөнүн ортосунда “Шахдеңиз-1” кууру жана газдын баасына байланыштуу пикир келишпестиктер келип чыккан. Түркия Азербайжандан газдын кубметрин 120 доллардан алып келсе, Азербайжан дүйнө базарларында газдын баасы андан 3 эсе кымбат болгонун айтып, 300 доллар талап кылууда.

Соодалашуулар бир топ убакытка созулуп, натыйжада тараптар мунасага жеткен өңдүү. “Шахдеңиз-2” долбоору Түркия үчүн да, Европанын табигый газ менен тейленүүсүндө да абдан зор мааниге ээ. Анткени бул долбоор аркылуу Азербайжандын газы Түркияны энергетика коридоруна айландыруусу болжолгон “Набукко” кууруна куюлат.

Түркиянын Отун-кубат ресурстар боюнча министри Танер Йылдыз кол коюла турган бул келишимдер тууралуу буларды айткан:

- Азербайжандыктар биздин бир туугандарыбыз. Алар менен келише албай турган эч бир маселе жок. Мунун бир убактысы, саясий өңүтү бар экенин айткан элем. Ушу тапта бардык маселелер ордуна келди жана биз “Шахдеңиз” газынын баасы жана көлөмү тууралуу макулдаштык.

“Набукко” кууру Каспийдин жана Борбор Азиянын газын Орусияны тегеректеп Европага алып чыгат. Бул куур европалыктар үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул долбоор ошол эле учурда Түркияны энергетика коридоруна айландырып, Евробиримдикке толук мүчө болуу мүдөөсүндө Анкара үчүн күчтүү көзүр болоору болжолдонот. Орусия бул долбоорго башынан бери каршы болуп келсе да кийинки убакта кызматташууга ынтызар болгонун айтып келүүдө.

Стамбулдагы саммитке катышуу максатында 8-июнда Түркияга Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин келет.

Ошондой эле бул жыйында Азияда кызматташтык жана коопсуздукту чыңдоого арналган саммиттин төрагалык милдети 2 жылга Түркияга өткөрүлүп берилет. 1992-жылы Нурсултан Назарбаев түптөгөн саммитке учурда 20 өлкө толук мүчө, 10 өлкө байкоочу катары катышууда.

Расмий маалыматтарга караганда, саммиттин бул жолку жүрүшүндө саясий жана аскерий маселелерге да артыкчылык берилет.

XS
SM
MD
LG