Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

АКШ өкмөтү Иран жана Түндүк Корея өңдүү өлкөлөрдөн келүүсү ыктымал ракеталык чабуулдардан коргонуу максатында ракетадан коргонуу системасын Түркиянын аймагына жайгаштыруу боюнча Польша, Чехия жана Болгариядан кийин эми назарын Анкарага бура баштаганы жөнүндөгү кабарлар түрк өкмөтүн ыңгайсыз абалда калтырды.

12-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана НАТО саясаттары боюнча жардамчысы Жим Товнсенд өткөргөн жыйында Вашингтондун планынын четин чыгарды:

- Баллистикалык ракета коркунучунун кай жактан келүүсү ыктымал экенине караганыбызда, Түркия эң алдынкы фронтто турат. Ушундан улам географиялык жактан Түркия ракеталык коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн жайгаштырууга эң ыңгайлуу өлкө экени байкалат. Түркия муну НАТО калканы катары кабыл алуусу ыктымал.

Түркия системанын кошуналары Иран жана Сириядан келе билүүчү кокунучтарга каршы деп көрсөтүлүшүнө жана өзүнүн аймактарын коргой албайт деген түшүнүктүн пайда болушуна нааразычылыгын билдирип, Вашингтон менен абдан кылдат сүйлөшүүлөрдү баштаганы айтылууда.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу НАТОнун Брюсселдеги жыйынына катышуу үчүн жолго чыгардын алдында бул маселе жыйында америкалык тарап жана НАТО мүчөлөрү менен талкуулана турганын билдирди.

Каалоо күч, кооптонуу жок эмес

Вашингтон адегенде ракетадан коргонуу системасын Польшага жайгаштырууну сунуштаган, бирок бул план ишке ашкан эмес. Чехия менен Болгария да планды кабыл алган эмес. Ошондон кийин, айрым маалыматтарга ылайык, Вашингтон менен Анкаранын ортосунда сүйлөшүүлөр башталган. Вашингтондун кысымынан улам расмий Анкара “эгерде НАТОнун колдоосун алдында болсо планды карап чыгышыбыз мүмкүн” деп билдирген.

Андерс фог Расмуссен
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясынын чегинде бул маселе уюмдун тышкы иштер жана коргоо министрлеринин Брюсселде 14-октябрда башталган жыйынында талкууга алынды.

Брюсселдеги жыйынды утурлай НАТОнун баш катчысы Андерс фог Расмуссен өткөн аптада Түркияга келип, Анкаранын “тамырын тартты”. Тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу менен сүйлөшүүдө Расмуссен Түркия-НАТО, Түркия-Евробиримдик байланыштарын, Түркиянын Ооганстандагы коалициялык күчтөргө кошкон салымын талкууга алды.

НАТОнун баш катчысы жыйында ачып жатып буларды айтты:

- Белди бекем бууй турган мезгилге карабастан жаңы бир ракеталык коргонуу системасын орнотуу менен батыштык алянсты жаңы коркунучтарга жооп бере алчу заманбап бир күчкө айландыралы. НАТОго мүчө өлкөлөрдө жашаган 900 миллион калкты коргоо уюмдун башкы милдети бойдон сакталып кала бериш керек. Бирок ал мезгилдин жаңы коркунучтарына каршы заманбап бир коргонуу болуш керек.

Эки тоонун чөбүн эңсеп...

Серепчилердин пикиринде, эгерде Анкара НАТОнун алкагында болсо ракеталык коргонуу системасына макулдугун бериши мүмкүн. Бирок бул ошол эле учурда ансыз деле АКШга ыктаган саясат жүргүзгөнү үчүн сындалып келаткан өкмөттү ыңгайсыз абалда калтырышы да ыктымал.
Ооганстандагы НАТО күчтөрү.

Иран тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги резолюцияга каршы добуш берген, бирок кабыл алынган санкцияларды сактай турганын билдирген Түркияда өзгөчө ишкер чөйрөлөр, Иранга каршы талап кылынып жаткан кошумча санкцияларга нааразы. Министр Зафер Чаглаян буларды айтат:

- Биз Коопсуздук кеңешинин санкцияларын сактап жатабыз. Бирок башкалардын кошумча жеке санцияларды талап кылуусуна моюн ийбейбиз. Түркия мыйзам башкарган өлкө, банан жумуруяты эмес.

Кошунасы Иран менен абдан бекем экономикалык байланыштары болгон Түркия Ирандан келиши ыктымал ракеталык чабуулдарга каршы делинген коргонуу системасын өз жерине жайгаштыруу тууралуу Вашингтон жана Брюсселден келген кысымдарга туруштук бере алабы – азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG