Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Түркия атом талашында "дипломаттык жүрүш" жасады


Түрк президенти Абдулла Гүл БУУнун жыйынында сөз сүйлөөдө, Нью-Йорк, 23-сентябрь.
Түрк президенти Абдулла Гүл БУУнун жыйынында сөз сүйлөөдө, Нью-Йорк, 23-сентябрь.

Түркия жетекчилиги Ирандын ядролук программасы боюнча Батыш өлкөлөрү менен талашты тынч чечүүнүн жолдорун издеп жатканын президент Абдулла Гүл жума күнү Нью-Йоркто америкалык саясатчылар менен кездешүүдө билдирди.

Түркия июнь айында Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Иранга каршы жаңы экономикалык санкция киргизүүсүнө каршы чыккан кеңештин эки мүчөсүнүн бири. Санкция Тегерандын Эл аралык атомдук агенттик - МАГАТЭ менен кызматашуудан баш тарткандан улам киргизилмек болгон эле.

“Маселени тынч жана сүйлөшүү аркылуу чечүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаш керек”

Түркиянын президенти Абдулла Гүл жума күнү Нью-Йорктогу Тышкы байланыштар кеңешинде сүйлөп, ырасмий Анкара Ирандын ядролук программасына байланыштуу тирешүүнү дипломаттык жол менен чечкенге бекем бел байлаганын билдирди. Түркия бу кадамга “зобун-зордукка барбоонун негиздерине” таянып жана “сүйлөшүү эл аралык дипломатиянын эң мыкты каражаты деген ишенимден улам барууда”,- деп түшүндүрдү президент Гүл.

“Биз сабырдуу дипломатия, жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдү токтотпой улантууну көздөгөн максатка жетүүдө карапайым элге жана коңшу өлкөлөргө зыян келтирчү катаал санкцияга караганда алда канча жакшы деп ишенебиз,-деди Гүл. -Азыр бу талуу маселени тынч жана сүйлөшүү аркылуу чечкенге убакыт бар. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек”.

Түркия июнь айында Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Иранга каршы жаңы экономикалык санкция киргизүүсүнө каршы чыккан эки өлкөнүн бири. Түркия жана Бразилия Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлөрү.
Тегеранга каршы катаал чара колдонууну АКШ жана анын европалык союздаштары колдогон. Алар Иран атомдук бомба жасоого аракеттенүүдө деп шектенишет. Бирок Ирандын ырасташынча, ядролук программасынын максаты электр энергиясын өндүрүүгө багытталган.

“Анкара-Вашингтон алакасы осолдойт дегенге негиз жок”

Санкция кабыл алынган. Бирок Түркиянын позициясы дүйнөлүк уюмдун аткаруу кеңешинде Ирандын атомдук программасы боюнча жалпы бир пикир жок экенин көрсөткөн.

Абдулла Гүл жыйындагы сөзүндө Түркиянын “жок” деп добуш бергени, Анкара менен Вашингтон ортосундагы мамилени осолдотот деген кооптонуу негизсиз экенин баса белгиледи. Анткен менен, президент Гүл Түркиянын тополоңдуу аймакка чектеш жашаганы АКШ сыяктуу өнөктөштөрүнөн бөлөк өңүттү карманууга түртөөрүнө көңүл бурду:

-Биздин добушубуз биздин дипломатиялык чараларга артыкчылык бергенибизди чагылдырат деп билебиз. Биздин позициябыз кандай гана жагдайда болбосун Ирандын ядролук программасын колдойбуз дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, биз ирандыктарга коңшу өлкөлөрүбүздө ядролук курал болуусун каалабаганыбызды ачык айтканбыз.

Президент Гүлдүн береги комментарийи АКШ-Түркия алакасындагы астейдил мамилени талап кылчу жагдайда жасалды. АКШ Конгрессинде 1915-жылы түрктөр миңдеген армяндарды тамыр курут кылды деп таануу боюнча резолюциянын долбоору жатат. Түркия армяндар “геноцид кылынган” дегенге макул эмес жана аны таануу союздаш эки өлкөнүн мамилесине олуттуу зыян келтирерин Вашингтонго мурдатан эскертип келет.

XS
SM
MD
LG