Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Түркия-Армения алдыга жыла алабы?


Президенттер Абдулла Гүл менен Серж Саркисян быйыл майда Прагада жолуккан.

Президенттер Абдулла Гүл менен Серж Саркисян быйыл майда Прагада жолуккан.

Армения менен Түркия дипломатиялык мамиле орнотууну максат кылган сүйлөшүүлөргө киришерин жарыялашты.

Түркия менен Армениянын жана алардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылып келе жаткан Швейцариянын ушул дүйшөмбү күнү кечке жуук тараткан биргелешкен билдирүүсүнө караганда, эки өлкө дипломатиялык байланыш орнотуу жана мамилелерди өнүктүрүүнү караган эки протоколого кол койгонго чейин али алдыда алты апта консультацияларды өткөрөт.

Эки өлкөнүн ортосунда 1915-жылы армяндардын массалык түрдө кыргынга учуроосунан башталган тарыхый кастык өкүм сүрүп келет. Дипломатиялык мамиле такыр болгон эмес. Армян күчтөрү 1993-жылы Тоолуу-Карабакты басып алгандан кийин Түркия тилдеш, диндеш Азербайжанга тилектештик көргөзүп, чек араларды жаап салган. Армения ошондо жабылган чек аранын ачылышына кызыкдар. Түркия болсо аймактык держава, энергия менен туруктуу камсыздап туруучу борбор, дүйнөлүк державалардын чечүүчү өнөктөшү катары беделин чыңдоону көздөйт.

Айтор Анкаранын Армения менен элдешүү багытындагы кадамдары, өлкөнүн узактан берки ички көйгөйү - күрд чатагын жөнгө салууну көздөгөн аракеттер менен шайкеш жүрүүдө. Өлкөдө азчылыкты түзгөн күрддөр менен касташпастан, тынчтыкта жашоо - Түркиянын Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүнүн ишке ашуусундагы чечүүчү маселелердин бири.

Анткен менен дипломатиялык мамиле орнотууну караган протоколдун парламенттерде ратификациядан өткөрүлүүсү талап кылынарын эске алган талдоочулар түрк-армян сүйлөшүүлөрү сыдыргыга сала койгондой эле кетпесин, ага каскак болуучу жагдайлар бар экендигин белгилешүүдө. Маселен Түркияда парламентарийлердин көбү Еревандын учурда тоңдурулуп коюлган Тоолуу-Карабак чатагы боюнча турумунан улам Арменияга ишене беришпейт.

Англис тилинде чыгуучу “Hurriyet Daily News” гезитинин редактору Барчин Йинанчтын көз карашында, андыктан түрк парламенти ратификациядан мурда Тоолуу-Карабак чатагын чечүүдөгү жылыштарды талап кылуусу мүмкүн.

-Тоолуу-Карабак жаңжалын жөнгө салуу боюнча олуттуу жылышты көрбөсө, парламент ал протоколдорду жактырар-жактырбасын алдын-ала айтуу кыйын. Түркия Армения менен чек арасынын ачылуусун Тоолуу-Карабак жаңжалын жөнгө салууга байланыштырган. Анткен менен протоколдорго ылайык, чек аралар документ күчкө киргенден эки айдын аралыгында ачылуусу керек. Менимче, парламент мүчөлөрү протоколдорду жактырганга дейре, Карабак боюнча жылыш бар же жок экенин билгиси келет.

Ал эми армениялык талдоочу, Улуттук жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Еревандагы борбордун директору Ричард Гирагосиандын көз карашында, алдыдагы эки ай - түрк жана армян парламенттери ратификациялай алуучу макулдашуулар боюнча алдыга жылуу үчүн чечүүчү учур. Армян талдоочусу белгилегендей, Анкара протоколдордо Тоолуу-Карабакты атайын эскерүүнү талап кылбаганы өтө маанилүү:
Ричард Гирагосиан
-Таң калычтуусу, түрк расмий өкүлдөрүнүн бир нече айдан бери Азербайжанды ынандырууга багытталган дипломатиялык риторикасына карабай, Тоолуу Карабак же Армения Азербайжандын Карабактын чегинен тышкаркы аймактарын ээлеп тургандыгы жөнүндө протоколдордун расмий таратылган үлгүсүндө көрсөтүлгөн эмес. Иш жүзүндө Карабак проблемасынын түрдүү жолдор менен көз жаздымда калуусун дипломатиялык мунаса катары кароого болот.

Армениялык талдоочу Гирагосиан кошумчалагандай, азыр Түркиянын жетекчилиги Тоолуу-Карабак маселесин Армения менен алакага байлоо саясатын кайра карап жатат сыяктуу. Себеби, Түркия бул маселеде Азербайжанга көз каранды болуп, же анын “барымтасында” калуудан пайда тапкан жок.

Анткен менен Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы дүйшөмбү күнү теледен сүйлөгөн сөзүндө Анкара Армения менен элдешүү боюнча сүйлөшүүлөр учурунда Азербайжандын кызыкчылыгын көз жаздымда калтырбасына, эки өлкө алаканы нормалдаштыруу боюнча узак жараяндын башталышында гана турганына токтолду.

Армения-Түркия алакасындагы соңку жаңылык Азербайжандын терс реакциясын жаратты. Азербайжан Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Элхан Полухов “Азаттык” радиосунун Азери кызматына берген интервьюсунда премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган баштаган түрк расмий өкүлдөрү Бакуну Тоолуу-Карабактын макамы канааттандырарлык чечилмейинче, Армения менен эч кандай макулдашуу түзүлбөсүнө ишендиргенин белгиледи.

Армения менен Түркиянын болочок сүйлөшүүлөрүндөгү экинчи талылуу маселе - 1915-жылы армяндардын Осмон империясы тарабынан массалык түрдө кырылуусу. Армениянын бул окуянын геноцид катары таануу талабын Түркия буга чейин кескин түрдө четке кагып келген. Өлгөндөрдүн саны боюнча да эки өлкөнүн эсеби эки башка. Армения 1.5 миллионго чейинки сандагы армян кырылган десе, Түркия 200 миңдей эле армян согушта жана башка уруштарда өлгөн деп эсептейт. Эми армян президенти Серж Саркисяндын соңку сөздөрүнө караганда, “тарыхый адилеттүүлүктүн” калыбына келгени маанилүү, бирок Армения 1915-жылкы кыргындын геноцид катары таанылуусун дипломатиялык мамиле орнотуунун алдын ала шарты катары талап кылбайт.

Тасмада: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG