Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Түркияны түшүнбөй жатышабы?


Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн энерги борборго айлануу мүдөөсүнө байланышкан долбоорлорду өткөн айда орус өкмөт башчысыв Владимир Путин жана Италиянын премьер- министри Сильвио Берлускони менен талкуулаган.
Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн энерги борборго айлануу мүдөөсүнө байланышкан долбоорлорду өткөн айда орус өкмөт башчысыв Владимир Путин жана Италиянын премьер- министри Сильвио Берлускони менен талкуулаган.

Түркия дүйнөнүн ири энергия борборуна айлануу мүдөөсүнө жетип калды. Бирок талдоочулардын пикиринде, Батыш анын мүмкүнчүлүгүн баалабай жатат.

Батыш Түркиянын энергетикалык потенциалын баалабай жатат деп эсептегендердин бири АКШдагы иликтөө уюму - Атлантика кеңешинин Евразия энергия борборунун эксперти Александрос Петерсен. Ал атайы “Азаттык” радиосу үчүн жазган комментарийинде белгилегендей, Түркиянын Евробиримдик өлкөлөрү менен Набукко, Орусия менен ага атаандаш Түштүк агым газ кууру долбоорлору боюнча, араб дүйнөсүнөн Катар менен суюлтулган газ, Азербайжан менен анын обочодо калган Нахчеван чөлкөмүнө көгүлтүр отту жеткирүү, Сирия менен газ импорту боюнча келишимдерди түзө алуусу, Анкаранын энергетикалык мүдөөсүн алдыңкы планга чыгарды:

- Түркиянын таанымал “Заман” гезитинин жазганына караганда, өлкө азыр өзү үчүн “дүйнөнүн эң ири энергия борбору” деген атты талап кыла алат. Өкмөттүн он жылдан ашуун убакыттан берки саясаты оболу Түркияны Европанын энергия секторуна кошуу, андан кийин аймактык, азыр глобалдык энергия борборго айлантуу максатын көздөдү. Ал эми эл аралык келишимдердин жакында биринин артынан биринин чууруусу Түркиянын акырында мына ушул маккамга жетүүсүнө мүмкүндүк берди.

Албетте Анатолиянын картасына көз чаптыргандар үчүн соңку жараяндар таң калычтуу эмес. Түркиянын бири экинчисин кесип өткөн, мунай, газ куурлардын борборуна айлануусу бир чети анын тегерегинде дүйнөнүн мунай менен газга бай Каспий, Перс булуңу өңдүү аймактары, Орусия, Иран, Ирак, Египет сындуу өлкөлөрү жана көгүлтүр отту эң көп сатып алган Еврошаркет жайгашкандыгында. Андыктан Анкарадагы чечим кабыл алуучулар, албетте, бул картинаны көрүп турушат жана Набукко сындуу долбоорлорду Түркиянын потенциалын ишке ашыруу үчүн алдыга жылдырышууда.

Бирок талдоочу Петерсендин көз карашында, Анкаранын Брюсселдеги же Европанын башка борборлорундагы кесиптештери ал картинаны такай эле көрө беришпейт. Алар адатта Түркияны Каспийдин ресурстарын ташуудагы альтернативалуу корридор, Еврошаркеттеги керектөөчүлөрдү Азербайжан, Түркмөнстан сындуу өндүрүшчүлөр менен байланыштыруучу өткөөл деп гана эсептешет.

Түркияга карата мындай чектелген көз-караш, талдоочу Александрос Петерсен белгилегендей, Анкара менен Брюсселдин ортосунда шайкеш келбеген саясатка алып барат. Мисалы Анкаранын Москва менен Түштүк агым газ долбоору боюнча келишимге баруусу Батыштын стратегиялык Набукко долбооруна көлөкө түшүргөндүк катары бааланган.

АКШдагы Атлантика кеңешинин Евразия энергия борборунун эксперти Александрос Петерсен "Азаттык" радиосу үчүн жазган комментарийинде кошумчалагандай, Түркиянын энергетикалык амбициясы толугу менен көп багыттуу саясатка өсүп жетти. Өлкөнүн өзүнүн ички керектөөсү үчүн Орусия газына көз карандылыгы да артып бара жатканын эске алганда, Анкаранын али да батыштчыл багыттагы долбоорлорго ачыктыгы таң калычтуу.

Түркиянын көп багыттуу энергия саясатын жана потенциалын жээригендик Набукко өңдүү батышчыл долбоорлордун жактоочулары үчүн жаңылыш саясат болмок. Алардын Түркияга коңшу башка оюнчулардын атаандаш сунуштары менен күрөшүүгө туура келерин күтпөөсү, талдоочу Петерсендин айтымында, жеңилүүгө алып бара турган көз-караш.

- Батыштын чечим кабыл алган өкүлдөрүТүркиянын энергетикалык түспөлүн талаптагыдай кабыл алуусу керек. Антпесе, Армениянын Түркияга электр кубатын импорттосу жана Орусиянын Түркиянын өзөктүк секторунда үстөмдүк кылуусу өңдүү күтүлбөгөн нерселер менен кездешүү тобокелчилиги бар.

P.S. Макалада айтылган пикирлер Александрос Петерсенге гана таандык жана сөзсүз эле “Азаттык” радиосунун көз-карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG