Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Түркия менен Армения чек араларды ачкан жатышат


Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан Ереванга келгенде келишимдерге кол коюлушу толук ыктымал.

Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан Ереванга келгенде келишимдерге кол коюлушу толук ыктымал.

Армения менен Түркия жакын арада тарыхый келишимдерге кол коюп, алмустактан бери начар бойдон келаткан ара байланыштарды жакшыртуу жаатында бир катар кадамдарды жасаган жатышат.

АКШнын президенти Барак Обаманын эмки жумада Түркияга боло турган саякатын утурлап, Анкара жана Ереван өкмөттөрү өз ара байланыштарды жакшыртуу максатында адегенде үч тармакта сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча мунасага келишти. Эн алды чек араларды ачуу жана тактоо, дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүү жана тарыхый чыр-чатактуу барактарды иликтеп чыгуу максатында комиссияларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталмакчы.

Сүйлөшүүлөр үзүрлүү болуп калса, бүт Кавказ аймагына туруктуулук келип, сырт дүйнөдөн обочолонуп келген өлкөлөр үчүн жаңыча экономикалык, коомдук жана саясий мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылып калышы ажеп эмес.

Бул фактыны тастыктап, АКШнын мамкатчысынын орунбасары Матев Бирза: “Түркия менен Армениянын мамилелеринин жакшырышы жалпы аймак боюнча оң мүнөздү динамикаларды туудуруп, биз Советтер Союзу ыдыраган кезден бери көздөп келген экономикалык демилгелердин чындыка айлануусуна өбөлгө түзөр эле” деп айтты.

Белгилүү болгондой, 1915- жылдагы окуяларды геноцид катары таанууну талап кылып келаткан армяндар 90- жылдардын башында Азербайжандын Тоолу Карабак аймагын басып алгандан кийин Түркия Армения менен болгон чек арасын жаап салды. Анкара Армениянын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган менен Анкара менен Еревандын ортосунда ушуга чейин дипломатиялык байланыш түзүлгөн жок.

Айрым серепчилердин пикиринде бул жолу атмосфера ушу тапка чейин болуп көрбөгөндөй жакшы сезилүүдө. Еревандагы Армения Стратегиялык изилдөө борборунун адиси Ричард Гирагосиандын пикиринде 16-апрелде Түркиянын тышкы иштер министри Ереванга келгенде, келишимдерге кол коюлушу толук ыктымал.

“Армения менен Түркиянын ортосундагы чек аралардын ачуудан тартып, дипломатиялык мамилелерди түзүүгө чейинки бир катар келишимдер жарыялануусу мүмкүн. Аны улай, эки арадагы эң курч проблема саналган геноцид маселесин да кошуп алганда бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында комиссиялар түзүлүүсү ыктымал”, - деп билдирген Гирагосиан мырза.

Армения менен Түркиянын чек араларды ачуу жөнүндөгү ниеттерине күтүлгөндөй эле Азербайжан катуу реакция көрсөттү. Азербайжандын министри Элмар Мамедяров жергиликтүү бир сыналгыда айткан сөзүндө эгерде армяндар Тоолу Карабактан чыгып кетердин алдында чек аралар ачылса, бул Азербайжандын таламдарына каршы болор эле.

XS
SM
MD
LG