Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Бүгүнкү Түркия - Ататүрк калтырган мурас


Бишкекте Түркия мамлекетинин негиздөөчүсү, улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 71 жылдыгы белгиленди.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 71 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Анда анын өмүр баянын, ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт, документ жана китеп көргөзмө уюштурулду.

Иш чарада Ататүрктүн экономика, саясат, Борбор Азия тууралуу ойлору, иш-аракеттери тууралуу баяндамалар окулуп, эскерүү Ататүрктүн жакшы көргөн ыр-күүлөрү менен жыйынтыкталды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев Ататүрктүн учурунда кеңеш доорундагы түрк тектүү элдердин эркиндикке чыгаарын ойлоп, аларга жардам бергендей деңгээлде болушубуз керек деп, атайын кор түзгөнүн эскерди.

- Бүгүнкү Түркия Республикасы Ататүрктүн чымырканып тынымсыз кылган аракетинин түздөн-түз натыйжасы, урпактарына калтырган баа жеткис мурасы,-деп сүйлөдү Д. Сапаралиев.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, түркиялык Исмаил Түрктүн пикиринде Мустафа Кемал 1919-жылы Анатолиядагы башаламандыкты токтотуп, ичинен ирий баштаган султанаттын ордуна жаңы Түркия өлкөсүн курууну ишке ашырган:

-Алардын алдында эки багыт бар эле, бири - Батышка бурулуп, өзгөрүүгө, прогресске умтулуу; экинчиси - жагдайга ыңгайлашуу менен мурдагы жол менен кете берүү. Биринчи жолду тандап алган кемалчылар бирде утулуу, бирде утуу менен өз пландарын ишке ашырган. 1922-жылы 1-ноябрда Улуттук Улуу жыйыны Мехмед IV султанатын жойгон. Мустафа Кемал башында турган "Элдик партия" шайлоодо жеңишке жетишет. Антанта блогуна кирген өлкөлөр кемалчылардын өкмөтү менен сүйлөшүүгө мажбур болушат. Алар Лозани келишимин түзүшөт. 1923-жылы 29-октябрда Түркия мамлекети республика деп жарыяланып, ал эми Мустафа Кемал жаңырган Түркиянын президенти болуп калат. 1934-жылы Түркиянын улуттук улуу жыйын ага Ататүрк деген ысымды берген.

Мустафа Кемал 1881-жылы Осмон империясына караштуу Македония жергесиндеги Салонник шаарында кенже кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал аскерий мансапты тандап, анын ар бир баскычын басып өткөн. Көп тараптуу терең билим берген даңазалуу университетте окуган эмес.

Убагында европалык өнүгүү системасына көз салып жүргөн Мустафа өзүнүн реформаларын акырындап ишке киргизген. Дин мамлекеттен четтетилген, бардык тармактар жаңыланууга дуушар болгон.

Түркиядагы граждандык укук маселеси швейцариялык граждандык укуктун негизинде иштелип чыкса, Кылмыш кодексине Италия мыйзамдары таяныч болгон.

1929-жылдын 1-январынан тарта Түркия жаңы алфавитке - латын арибине толук өткөн.

Ошол учурдагы дүйнөлүк экономикалык кризисте да Мустафа Кемал Түркия үчүн жол таап, 1930-жылдары өнөр жай өнүгүшү боюнча бул өлкө дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты.

Ататүрк түрк элин улут катары калыптанып, улуттук өзтаанымын, атуулдук, мекенчил сезимин ойготууну көздөгөн.

Чынында Ататүрк исламга принциптүү каршы чыккан эмес. Турмуштагы диндин оң таасирин да, залакасын да даана билгендиктен адеп-ахлак жагдайына тийбей, бирок саясий куралга айланып кетишине бөгөт койгон. Прогресске кедерги болгон диний уюмдардын, бир тараптуу фанатиктердин үгүт-насаатын, аракеттерин кескин токтоткон. Панисламизм жана пантүркизм идеологиялык агымдары жаңы шартта түрк элине эч пайда алып келбей, тескерисинче, аны курулай иллюзия катары алагды кыларына көзү жетип, алардан да баш тарткан.

Экономикалык саясатта да Ататүрктүн өз түшүнүгү, стратегиясы менен тактикасы болгон. Ачык маркеттин (рыноктун) маанисин башкалардан кем эмес деңгээлде түшүнсө да, өлкөдө экономикалык алакага мамлекеттик көзөмөлдү катуу койгон. Ал биринчи иретте улуттук ишкерлердин аягына туруп кетишине көмөк берип, экономиканын пайдубалын ошолор түзүш керек деген ойдо болгон.

Мустафа Кемал "Түрк болуу кандай сыймык!" деген сөзү менен түрк элинин өзүн-өзү аңдап билүүсүн бийиктикке көтөрүп кетти. Улуу инсан Мустафа Кемал 1938-жылы 10-ноябрда 57 жаш курагында каза болгон.


  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG