Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Түркиянын кийинки учурда еврей өлкөсү менен мамилелери салкын тарта баштап, эл аралык саясий чөйрөдө “Түркия стратегиялык өнөктөшү Израилден алыстап баштадыбы” деген түкшүмөл ойлорду пайда кылды.

Түркиянын аймактагы стратегиялык өнөктөшү болуп келген Израилди Конйа шаарында өткөрүлүүчү адаттагы көп тараптуу аскердик машыгуулардан чыгарып салуусу эки өлкөнүн ортосунда жаңы бир кризисти пайда кылды. Иш жүзүндө Израилдин үстүбүздөгү жылдын баштарында Газа сызыгына басып кирүүсү Анкара тарабынан кескин түрдө сынга алынып, мамилелердин суушу ошо кезде эле сезиле баштаган болуучу.

Бирок кийинки күндөрдүн ичинде эки өлкөнүн мамилелеринде пайда болгон жарака ого бетер чоңоюп, айрым серепчилер Израил-Түркия өнөктөштүгү соңуна чыгып баратабы деген суроо кое баштады. АКШнын конгрессиндеги Түрк-Достук тобунун төрагасы сенатор Роберт Векслердин пикиринде, бул өлкөлөр аралык байланыштарда ар дайым болуп келген кадыресе көрүнүш.

Түркия менен Израилдин ортосундагы өнөктөштүк, аскерий, экономикалык жана маданий мамилелер чоң мааниге ээ. Бирок мамилелердин мүнөзү алмашканын да танууга болбойт. Өнөктөштөрдүн бири-биринен ташталган кадамдар тууралуу маалымат сурашы табигый нерсе",- деген пикир билдирет америкалык сенатор Векслер бир жеке сыналгы менен болгон маегинде.

Ал эми АКШнын Түркиядагы баш элчиси Джамес Жеффрий болсо Израил доо кылып жаткан маселе - тескерисинче аскердик машыгууларга Израилди катыштырбай туруу тууралуу токтом бүт катышкан тараптар тарабынан бекитилгенин айтты.

Буюрса бул машыгууну биз келечекте жасап каларбыз. Биз бул маселе жөнүндө Түркиянын куралдуу күчтөрү менен жана түрк өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта болдук. Мындай нерселер мамлекет аралык мамилелерде анда-санда боло турган нерселер” деп жагдайды басууга аракеттенди баш элчи.

Ал эми өкүмөт тарабынан кандайдыр бир артка чегинүү байкалган жок. Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу маалымат жыйынында өкмөт чечимин коргоп чыкты.

“Газа тилкесинде адамзат трагедиясы ушундай сакталып кала берген абалда, эч ким биздин башкача аракетти күтө албайт”,- деди министр.

Маалым болгондой, мынан бир канча ай илгери Давос экономикалык форумундагы бир жыйында Израилдин Президенти Шимон Перез менен кайым айтыша кеткен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган Израилдин Газа сызыгына карата болгон операциясын да кескин сындап, Израил адамзатка каршы кылмыш жасап жатат деген оор кине койгон эле.

Анын мындайча бетке тике айткан сөздөрү мусулман ааламында, өзгөчө араб өлкөлөрүндө Анкара өкмөтүнө чоң упай алып келди. Сирия менен мамилелер эң эле жогорку тепкичке көтөрүлүп, бир учурда согуштун кырына чейин келген эки кошуна өлкөнүн ортосунда виза алынып салынды.

Анкара көп улуттуу аскердик машыгууларды кийинге калтыруусу аркылуу өзүнүн тышкы саясатында ансыз деле сезилип келе жаткан ‘багыт алмашууну’ тастыктагандай болду.
XS
SM
MD
LG