Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Түркия: “Демократиялык аракет” планы


Түркиянын парламентинин жалпы кеңеши жума күнү өлкөнүн күрт жарандарынын укуктарын кеңейтүүнү көздөгөн ‘Демократиялык аракет’ аталышындагы өкмөттүк планды талкууга алды.

Бир чети Түркиянын Европалык Биримдикке толук мүчө болуу мүдөөсүнө дем берип ошол эле кезде, чейрек кылымдан бери улашып келе жаткан жана 40 миң кишинин өмүрүн алган конфликтти токтотууну көздөгөн ‘Демократиялык аракет’ же ‘Күрт демилгеси’ деп аталган реформа долбоору жума күнү парламенттин жалпы кеңешинде өтө катуу айтышууларга себеп болду.

Жалпы олтурумда деталдары парламенттин шейшемби күнкү олтурумунда ички иштер министри Бешир Аталай тарабынан ачыкталып берилген ‘Демократиялык Аракет’ тууралуу оппозициядагы партиялардын фракцияларынын атынан "Жумурият Калк" партиясынын лидери Дениз Байкал, "Улуттук Кыймыл" партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели жана "Демократиялык Коом" партиясынын жетекчиси Ахмет Түрк сөз айтышты.

“Олуттуу бир чечим сунуш кылынган абалда куралдуу кагылышуулар 3 айдын ичинде соңуна чыгат. Парламентте фракциясы болгон бардык партиялар катышкан бир орток комиссия түзүлүп, өкмөт бул жараянды ары-бери чайпабастан Мажилиске тапшырсын”,-деди "Демократиялык Коом" партиясынын жетекчиси Ахмет Түрк.

“Күрттөрдүн Түрк желеги менен эч кандай маселеси жок, боло албайт да. Өлкөнүн орток ырасмий тили түркчө жана бул ушул бойдон кала берет. Биз бул демилге АКШ- тарабынан сызылган проект деп өкүмөттү жаманатты кылууну туура деп эсептебейбиз”,- деди.

Мажлис өзүнүн 89 жылдык тарыхындагы эң бакытсыз күнүн кечирип жатат,”- деп сүйлөдү "Улуттук Кыймыл" партиясынын лидери Девлет Бахчели. - “ПКК террор уюумунун 25 жылда жасай албаган ишин өкүмөт кыска мезгилдин ичинде ишке ашырып, ПКК менен, биздин каарман шейиттерибизди, ветерандарыбыз жана калкыбызды бир орунга коюп жатышат. Бул мамлекет миң жылдын ичинде өзүнүн чыныгы ээсин тапты. Мунун аты ‘түрк калкы’. Түпкү тегине жана ишенимине карабастан бул өлкөнүн калкынын аты ‘Түрк калкы’ болуп эсептелет”.

Д. Бахчели сөзүн улантып, бул аракет ‘крест жортуулунун’ уландысы экенин жана жүрүп олтуруп өлкөнү бөлүнүп жок болуу коркунучуна такап коерун бышыктады.

"Жумуруят Калк" партиясынын башчысы Дениз Байкал: "Улуттук мажилис өзүнүн 1920- жылда башталган улуу тарыхында алгачкы жолу өзүнүн улуттук мамлекет болуу ниетинен баш тартып, биримдикти жана ынтымакты бузуп жок кылууну максаттанган бир демилге менен беттешип олтурат”,- деп партиясы өкүмөттүн демилгесин колдобой турганын билдирди.

Оппозициянын артынан премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жооп берүү максатында сөз алып, ‘Демократиялык аракетти’ күрт демилгеси деп аташ туура эмес экенин белгиледи. Бул аракет улуттук биримдиктин аракети экенин, террорду соңуна чыгаруу максатын көздөгөнүн билдирди.

25 жылдан бери токтобой келе жаткан террорду, эскинин калдыгы болгон методдор менен жоюу мүмкүн эмес экенин бышыктаган Эрдоган: "Өлкөдө террордон пайда тапкандар, капитал жыйнагандар бар. Көбүрөөк аскерлер өлсүн, биз ого бетер кыйкырык салалы дегендер бар”,- деп билдиргенден кийин, мажилистин олтурумуна дүрбөлөң түштү. "Жумуруят Калк" партиясынын фракциясы протест жасап жыйындан чыгып кетти.



XS
SM
MD
LG