Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Эрдоган Барак Обама менен баарлашты


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү Вашингтондо АКШнын президенти Барак Обама менен көзмө көз сүйлөшүү өткөрүп, өз ара жана эл аралык маселелердин кеңири чөйрөсүн талкууга алды.

Вашингтондо 2 саатка созулган сүйлөшүү учурунда премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен президент Барак Обама Иран жана Ооганстандагы кырдаал, регионалдык, өз ара жана эл аралык маселелерди талкууга алышты. Эрдоган Обамага өзүнүн өкүмөтүнүн ‘күрт демилгесин’, Армения менен мамилелерди жакшыртуу багытында баштаган кадамдарын жана Жакынкы Чыгыш аймагында туруктуулук жана бейпилдикти орнотуу максатында жүргүзүп келаткан иштиктүү тышкы саясатын түшүндүрүп берди. Эрдоган ошол эле кезде, НАТОго мүчө бул эки өлкөнүн ортосунда салыштырмалуу начар экономикалык - соода байланыштарын өнүктүрүүгө үндөдү.

Барак Обама сүйлөшүүдөн кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Ирандын өзөктүк программасы жөнүндөгү маселени ал тынчтык максаттагы өзөктүк энергетикасын өндүрө алгыдай, бирок эл аралык норма жана эрежелерди урматтагыдай түрдө чечүү чоң мааниге ээ экенин баса көрсөттү:

“Мен, Иранды бул багытта алга карай жылдыруунун ишинде Түркия абдан маанилүү бир актёр боло алат деп ишенем”,- деди.

Ал ошондой эле Ооганстанды турукташтыруу ишине Түркия кошуп келген салымдарга да алкышын айтты:

Мен, Түркия менен АКШнын ортосундагы байланыштардын күчтөнө турганына абдан ишенем. Бул, бир гана НАТО-нун алкагында же аскердик жана стратегиялык байланыштардын негизинде эмес, экономикалык тармакта да ошондой болоруна үмүтүм чоң”.

Белгилүү болгондой, Эрдогандын өкүмөтү кийинки маалда өлкөнүн газ керектөөсүнүн 20 пайызын тейлеген Иран менен экономикалык байланыштарын өнүктүрүп келатат. Эрдоган октябрь айында Тегеранга болгон сапары учурунда Ирандын өзөктүк программасын ‘тынчтык максатты көздөгөн’ программа катары баалады. Ал эми АКШ жана батыштык өлкөлөр Иран бул програмасы аркылуу өзөктүк курал өндүргөн жатат деп шек санашууда. Дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйынында Эрдоган чатакты дипломатиялык жолдор аркылуу чечүү зарылчылыгына басым жасады.

Биз Түркия катары, аймагыбыздагы өзөктүк маселеге дипломатиялык жолдор аркылуу чечим табыш үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасоого даярбыз. Түркия АКШ менен бирге глобалдык тынчтык үчүн тырышуусу керек. Анткени, замана душман табуунун эмес достошуунун заманасы”,- деп билдирди Түркиянын өкүмөт башчысы Эрдоган.

Эрдоган Президент Обама менен Азербайжан-Армения ортосундагы жараянды да талкууга алганын маалымдап, бул Түркия-Армения мамилелеринде өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Ирандын өзөктүк программасы тууралуу Эрдоган баарын жасашка даярбыз деген менен, Иран Түркиянын арачылык ролуна маакул эмес. Бул тууралуу Ирандын ТИМинин басма сөз өкүлү Рамин Михманперест шейшемби күнү чыгып сүйлөп, “Түркия арачылык кылгысы келет, бирок биздин ансыз деле ачык-айкын болгон турумубузду башкалардын түшүндүрүп берүүсүнө кажет жок”,- деди.

XS
SM
MD
LG